8 декабрь 2024 14:26
Бүгүн, 8-декабрда Жапониянын борбор калаасында Токио Гран Слам мелдеши аяктады. Бул мелдеште 44 мамлекеттен 274 дзюдочу күч сынашты. Анын ичинде биздин да 4 дзюдочубуз бар болчу. Биринчи күндүн жыйынтыктары сайтта бар. Бүгүн үч дзюдочубуз татамиге чыгышкан. Тилекке каршы, баары медалсыз калды.
Бул мелдеште көзгө урунган учурлардын арасында төмөнкүлөр болду. Рюдзю Нагаяма (-60) финалда Таики Накамурага жеңилип калды. Соичи Хашимото (-73) тажик дзюдочусуна жана мекендешине жеңилип медалсыз калды. Такеши Такеоака (-66) ишенимдүү күрөш көргөзүп, чемпион аталды жана бул салмакта жапониялыктардын атаандаштыгы аябай жогору экенин далилдеди. Сансиро Мурао (-90) финалда экинчи ирет Лука Майсурадзени жеңип чемпион аталды. Матвей Канниковский (-100) экинчи жыл катары менен бул мелдешти жеңип, мунусунда жалгыз жапон эмес чемпион болду.
Биздин жыйынтыктар
1/16 -81 кг
❌ Ратбек Жуманазаров, Кыргызстан
🤙 2 ваз.
✅ Сайлийке Сонгхаер, Кытай
1/16 -81 кг
✅ Чынгызхан Сагыналиев, Кыргызстан
🤙 вазари
❌ Жунсонг Ли, Түштүк Корея
1/8 -81 кг
❌ Чынгызхан Сагыналиев, Кыргызстан
🤙 иппон
✅ Давид Карапетян, IJF командасы
1/16 -90 кг
❌ Анарбек Ишенбаев, Кыргызстан
🤙 вазари
✅ Олександр Нижник, АКШ
Жалпы жыйынтыктар
эркектер -81
🥇 Сотаро Фуживара, Жапония
🥈 Тимур Арбузов, IJF командасы
🥉 Франсуа Гаутиер, Канада
🥉 Юхей Ойно, Жапония
эркектер -90
🥇 Сансиро Мурао, Жапония
🥈 Лука Майсурадзе, Грузия
🥉 Комей Кавабата, Жапония
🥉 Гоки Тажима, Жапония
эркектер -100
🥇 Матвей Канниковский, IJF командасы
🥈 Геннардо Пирелли, Италия
🥉 Дота Арай, Жапония
🥉 Кайл Рейес, Канада
эркектер +100
🥇 Канта Накано, Жапония
🥈 Хиога Ота, Жапония
🥉 Юта Накамура, Жапония
🥉 Денис Батчаев, IJF командасы
кыз-келиндер -70
🥇 Маю Хонда, Жапония
🥈 Утана Терада, Жапония
🥉 Лара Свжетко, Хорватия
🥉 Рин Маэда, Жапония
кыз-келиндер -78
🥇 Курена Икеда, Жапония
🥈 Минжу Ким, Түштүк Корея
🥉 Патрисия Сампаё, Португалия
🥉 Мами Умеки, Жапония
кыз-келиндер +78
🥇 Мао Араи, Жапония
🥈 Элис Старцева, IJF командасы
🥉 Рури Такахаши, Жапония
🥉 Чихиро Ямагучи, Жапония
✔Булак - ijf.org