7 декабрь 2024 17:50
Бүгүн, 7-декабрда Жапониянын борбор калаасында Токио Гран Слам мелдеши башталган. Бул дзюдо боюнча жылдын эң акыркы ири мелдеши болот. Токио Гран Слам мелдешине башкаларга салыштырмалуу өзгөчө көңүл бурулат, атаандаштык жогору болот жана жапон дзюдочулары көп катышат. Токиодо 44 мамлекеттен 274 дзюдочу күч сынашууда. Анын ичинде биздин да 4 дзюдочубуз бар. Алгачкы күнү эркектер арасы -60, -66, -73 кг жана кыз-келиндер арасы -48, -52, -57, -63 кг салмак даражаларында медал топтомдору ойнотулду. Бүгүн бир дзюдочубуз медалга кол жеткире албай калды, эртең калган 3 дзюдочубуз татамиге чыгат. Торчолор жана жыйынтыктар сайтта көрсөтүлгөн. Мелдеш эртең аяктайт.
Биздин жыйынтыктар
1/16 73 кг
✅ Муса Шабданбеков, Кыргызстан
🤙 хансоку (айып)
❌ Кол Чэндлер, АКШ
1/8 73 кг
❌ Муса Шабданбеков, Кыргызстан
🤙 иппон
✅ Абубакр Шеров, Тажикстан
Жалпы жыйынтыктар
эркектер -60
🥇 Таики Накамура, Жапония
🥈 Рюдзю Нагаяма, Жапония
🥉 Аюб Блиев, IJF командасы
🥉 Кента Секимото, Жапония
эркектер -66
🥇 Такеши Такеока, Жапония
🥈 Таико Фужисака, Жапония
🥉 Обид Джебов, Тажикстан
🥉 Риома Танака, Жапония
эркектер -73
🥇 Рюга Танака, Жапония
🥈 Татсуки Ишихара, Жапония
🥉 Данил Лаврентьев, IJF командасы
🥉 Шусуке Учимура, Жапония
кыз-келиндер -48
🥇 Вакана Кога, Жапония
🥈 Митсуки Кондо, Жапония
🥉 Хикари Ёсиока, Жапония
🥉 Кано Мияки, Жапония
кыз-келиндер -52
🥇 Кисуми Омори, Жапония
🥈 Кокоро Фужиширо, Жапония
🥉 Нанако Тсубоне, Жапония
🥉 Хоролдой Бишрелт, Жапония
кыз-келиндер -57
🥇 Мика Адачи, Жапония
🥈 Мегуми Фучида, Жапония
🥉 Аринзуя Тербиш, Монголия
🥉 Марта Фаваз, Франция
кыз-келиндер -63
🥇 Харука Кажу, Жапония
🥈 Мегу Данно, Жапония
🥉 Рената Зачова, Чехия
🥉 Минами Аоно, Жапония
✔Булак - ijf.org