5 дзюдочубуз Ташкент Гран Слам 2025

5 дзюдочубуз Ташкент Гран Слам 2025 мелдешине катышат!

Author
Кыраан командасы

21 февраль 2025 14:10

28-февралдан 2-мартка чейин Өзбекстандын башкалаасында Ташкент Гран Слам 2025 мелдеши өтөт. Азыркы учурда ал жакка 23 мамлекеттен 246 спортчу катталган. Анын ичинде биздин да 5 дзюдочубуз бар.
 

Мелдештин жүрүшү
28.02.2025 - эркектер -60, -66 кг жана кыз-келиндер -48, -52, -57 кг
01.03.2025 - эркектер -73, -81 кг жана кыз-келиндер -63, -70 кг
02.03.2025 - эркектер -90, -100, +100 кг жана кыз-келиндер -78, +78 кг
 

Курамыбыз:
Түгөл Канатбек уулу, -60 кг
Саламат Байбол уулу, -66 кг
Муса Шабданбеков, -73 кг
Тегин Алмазжан уулу, -81 кг
Артур Сансызбеков, -100 кг
 

Маалымат
Дзюдо Гран Слам – бул Эл аралык Дзюдо Федерациясы (IJF) тарабынан уюштурулган эл аралык дзюдо мелдештеринин сериясы. Бул мелдештер дүйнөнүн булуң-бурчунан мыкты дзюдочуларын чогултат. Гран Слам мелдештери жыл бою ар кандай жерлерде өткөрүлүп, жогорку рейтингдик упайларды, акчалай сыйлыктарды жана аброй алып келет. Алар спортчулар үчүн Дүйнөлүк чемпионаттарга жана Олимпиада Оюндарына квалификация алуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Гран Слам мелдештеринде континенттик чемпионаттарга караганда көбүрөөк упай берилет, демек маанилүүрөөк деп айтсак болот.
 

✔Булак - Кыргыз Дзюдо Федерациясы, ijf.org