27 ноябрь 2024 10:17
7-8-декабрда Жапониянын борбор калаасында Токио Гран Слам мелдеши өтөт. Бул дзюдо боюнча жылдын эң акыркы ири мелдеши болот. Токио Гран Слам мелдешине башкаларга салыштырмалуу өзгөчө көңүл бурулат, атаандаштык жогору болот жана жапон дзюдочулары көп катышат. Азыркы учурда ал жакка 46 мамлекеттен 226 дзюдочу катталган. Анын ичинде биздин да 4 дзюдочубуз бар.
Курамыбыз:
Муса Шабданбеков, -73 кг
Ратбек Жуманазаров, -81 кг
Чынгызхан Сагыналиев, -81 кг
Анарбек Ишенбаев, -90 кг
Эркин Ибрагимов - башкы машыктыруучу
Маалымат
Дзюдо Гран Слам – бул Эл аралык Дзюдо Федерациясы (IJF) тарабынан уюштурулган эл аралык дзюдо мелдештеринин сериясы. Бул мелдештер дүйнөнүн булуң-бурчунан мыкты дзюдочуларын чогултат. Гран Слам мелдештери жыл бою ар кандай жерлерде өткөрүлүп, жогорку рейтингдик упайларды, акчалай сыйлыктарды жана аброй алып келет. Алар спортчулар үчүн Дүйнөлүк чемпионаттарга жана Олимпиада Оюндарына квалификация алуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт. Гран Слам мелдештеринде континенттик чемпионаттарынан көбүрөөк упай берилет, демек маанилүүрөөк деп айтсак болот.
✔Булак - Кыргыз Дзюдо Федерациясы