кооз ыкма дзюдо

Жапония ийгилигин бүгүн да улантты. Юниорлор арасы Дүйнө Чемпионаты, 2-күн

Author
Кыраан командасы

3 октябрь 2024 18:46

Бүгүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында дзюдо боюнча юниорлор арасы (U21) Дүйнө Чемпионатынын 2-күнү аяктады. Эске сала кетсек, ал жакта 67 өлкөдөн 534 дзюдочу 14 медал топтому үчүн күч сынашууда, арасында биздин да 18 жаш балбаныбыз бар. Мелдештин жүрүшү жана биздин курамыбыз сайтта көрсөтүлгөн. Алгачкы күнү биздин дзюдочуларыбыз медалга кол жеткире алган эмес.
 

Экинчи күнү эркектер арасы -73 кг жана кыз-келиндер арасы -57, -63 кг салмак категорияларындагы дзюдочулар татамиге чыгышты.
 

Биздин дзюдочуларыбыз:
 

-73 кг 1/32
Нурмухаммед Бакирдинов, Кыргызстан
🤙 1:2
✅ Энгхтур Жугдергарав, Монголия

-73 кг 1/32
❌ Арсен Анарбеков, Кыргызстан
🤙 иппон (3 айып)
✅ Фабризио Эспосито, Италия
 

-57 кг 1/32
❌ Кыял Амантурова, Кыргызстан
🤙 иппон
✅ Оюнчимег Оюнгерел, Монголия
 

-57 кг 1/16
Жанар Жолдошева, Кыргызстан
🤙 0:1
✅ Ариунзая Тербиш, Монголия
 

-63 кг 1/16
❌ Мырзайым Дүйшөнбекова, Кыргызстан
🤙 иппон (3 айып)
✅ Коркем Орынбек, Казакстан
 

-63 кг 1/16
Адина Көчкөнбаева, Кыргызстан
🤙 0:1
✅ Маржона Нуруллоева, Өзбекстан

 


Бүгүнкү жыйынтык:
 

-73 кг
🥇 Кеито Кихара, Жапония
🥈 Юсуке Такеичи, Жапония
🥉 Мардон Равшанов, Өзбекстан
🥉 Мухиддин Асадуллоев, Тажикстан
 

-57 кг
🥇 Рико Хонда, Жапония
🥈 Юинг Тао, Кытай
🥉 Бианка Реис, Бразилия
🥉 Каролина Сиенника, Польша
 

-63 кг
🥇 Мелкиа Аушикорн, Франция
🥈 Савита Руссо, Италия
🥉 Анна Скальска, Чехия
🥉 Со Моричика, Жапония


Эртең татамиге Эржан Канатбеков (-81 кг), Артур Сансызбеков (-90 кг), Даут Полтушев (-90 кг) жана Алина Молдокулова (-70 кг) чыгышат.

 


✔Булак - https://www.ijf.org/competition/2726/results

Тектеш темалар