Эмирхан дзюдочу

Эртең Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында дзюдо боюнча юниорлор арасы Дүйнө Чемпионаты башталат. Курамыбыз жана мелдештин жүрүшү

Author
Кыраан командасы

1 октябрь 2024 05:51

Дзюдо боюнча юниорлор арасы (U21) Дүйнө Чемпионаты быйыл Тажикстандын борбор калаасында өтөт. Ал жакка 67 өлкөдөн 534 дзюдочу аттанды, арасында биздин да 18 балбаныбыз бар. Мелдеш эртең башталып, 5-октябрда жыйынтыкталат. Адаттагыдай эле эркектер арасы 7 жана кыз-келиндер арасы 7 медал топтому ойнотулат.
 

Мелдештин жүрүшү:
02.10.2024 - эркектер -60, -66 кг, кыз-келиндер -48, -52 кг
03.10.2024 - эркектер -73 кг, кыз-келиндер -57, -63 кг
04.10.2024 - эркектер -81, -90 кг, кыз-келиндер -70 кг
05.10.2024 - эркектер -100, +100 кг, кыз-келиндер -78, +78 кг
 

Эркектер курамыбыз:
Адис Орозмаматов, -60 кг
Казыбек Чыныбеков, -66 кг
Алмазбек Шамурзаев, -66 кг
Нурмухаммед Бакирдинов, -73 кг
Арсен Анарбеков, -73 кг
Эржан Канатбеков, -81 кг
Артур Сансызбеков, -90 кг
Даут Полтушев, -90 кг
Эмирхан Жолдошказиев, +100 кг
 

Кыз-келиндер курамыбыз:
Луиза Асакеева, -48 кг
Сабира Кожомбердиева, -52 кг
Жанар Жолдошева, -57 кг
Кыял Амантурова, -57 кг
Адина Көчкөнбаева, -63 кг
Мырзайым Дүйшөнбекова, -63 кг
Алина Молдокулова, -70 кг
Айганыш Джумалиева, -78 кг
Акмаржан Турдажиева, -78 кг
 

✔Булак - https://www.ijf.org/competition/2726 , https://en.wikipedia.org/wiki/World_Judo_Juniors_Championships