жапондор дзюдо

Жапония дзюдо боюнча юниорлор арасы Дүйнө Чемпионатын укмуш баштады. 1-күндүн жыйынтыгы

Author
Кыраан командасы

2 октябрь 2024 19:25

Бүгүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында дзюдо боюнча юниорлор арасы (U21) Дүйнө Чемпионатынын 1-күнү аяктады. Эске сала кетсек, ал жакта 67 өлкөдөн 534 дзюдочу 14 медал топтому үчүн күч сынашууда, арасында биздин да 18 жаш балбаныбыз бар. Мелдештин жүрүшү жана биздин курамыбыз сайтта көрсөтүлгөн.
 

Алгачкы күнү эркектер арасы -60, -66 кг жана кыз-келиндер арасы -48, -52 кг салмак категорияларындагы дзюдочулар татамиге чыгышты.
 

Биздин дзюдочуларыбыз:
 

-60 кг 1/16
Адис Орозмаматов, Кыргызстан
🤙 иппон
❌ Жиахо Сун, Кытай

-60 кг 1/8
❌ Адис Орозмаматов, Кыргызстан
🤙 0:2
✅ Талгат Орынбассар, Казакстан
 

-66 кг 1/32
✅ Казыбек Чыныбеков, Кыргызстан
🤙 иппон
❌ Мунгункхуяг Баатартсогт, Монголия
 

-66 кг 1/16
❌ Казыбек Чыныбеков, Кыргызстан
🤙 иппон
✅ Валерио Аккогли, Италия
 

-66 кг 1/32
❌ Алмазбек Шамурзаев, Кыргызстан
🤙 иппон
✅ Тойли Мырадов, Түркмөнстан
 

-48 кг 1/16
❌ Луиза Асакеева, Кыргызстан
🤙 0:2
✅ Сужин Жунг, Түштүк Корея
 

-52 кг 1/16
❌ Сабира Кожомбердиева, Кыргызстан
🤙 иппон
✅ Сенжу Ношо, Жапония
 

Бүгүнкү жыйынтык:
 

-60 кг
🥇 Ямато Фукуда, Жапония
🥈 Лоик Курбудинов, Тажикстан
🥉 Муродил Муродиллаев, Өзбекстан
🥉 Талгат Орынбассар, Казакстан
 

-66 кг
🥇 Шунтаро Фукучи, Жапония
🥈 Каири Кентоку, Жапония
🥉 Герман Кобец, Бейтарап Атлеттер
🥉 Алессио Де Лука, Италия
 

-48 кг
🥇 Шинран Хуи, Кытай
🥈 Сачио Ёшино, Жапония
🥉 Кристина Дудина, Бейтарап Атлеттер
🥉 Клерис Рибейро, Бразилия
 

-52 кг
🥇 Ироха Ои, Жапония
🥈 Сенжу Ношо, Жапония
🥉 Алиссиа Пуланж, Франция
🥉 Мио Хун, Түштүк Корея

 

Эртең татамиге Нурмухаммед Бакирдинов (-73 кг), Арсен Анарбеков (-73 кг), Жанар Жолдошева (-57 кг), Кыял Амантурова (-57 кг), Мырзайым Дүйшөнбекова (-63 кг) жана Адина Көчкөнбаева (-63 кг) чыгышат.


✔Булак - https://www.ijf.org/competition/2726/results

Тектеш темалар