28 ноябрь 2024 13:14
Париж 2024 Олимпиадасында өлкөбүз өз тарыхында эң көп медалдарга жетти, алгачкы эки жолку медалисттер жаралды. Жеңүүчүлөр жана машыктыруучулар сыйланып алкыштарга ээ болушкан. Ал эми, акыркы эки айда федерациялар өз жыйындарын өткөрүшүп, жаңы Олимпиадалык циклга башкы машыктыруучуларды тандады. Кээ бирлери калып, кээ бирлери алмашты. Дайындалган машыктыруучулар менен тааныштырып кетели.
Уран Калилов - грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу
Мурдагы башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев 2018-жылдан бери грек-рим күрөшүбүздү жетектеп, Олимпиададан 1 күмүш, 3 коло жана дүйнө чемпионаттарынан алгачкы алтындарды камсыздаган.
Уран Калилов 1996-жылы кадеттер арасы дүйнө чемпиону, 1998-жылы жаштар арасы дүйнө чемпиону, 2002-жылы Азия Оюндарынын коло медалынын ээси болгон.
Улук машыктыруучу болуп Азат Бейшебеков дайындалды.
Азат Мирахимов - эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучу
Мурдагы башкы машыктыруучу Руслан Маджинов 2012-жылдан бери эркин күрөшүбүздү жетектеген. Парижге барган эки эркин күрөш балбаныбыз медалга 1 кадам жетпей, 5-орундарды алып калышкан.
Азат Мирахимов U-17 курамыбызды жетектеген. Быйыл ал курамыбыз тарых жаратып, дүйнө чемпионатынан дароо 3 алтын алышып, командалык жыйынтыкта 3-орунду ээлеген.
Улук машыктыруучу болуп Эламан Догдурбек уулу дайындалды.
Нурбек Изабеков - кыз-келиндер күрөшү боюнча башкы машыктыруучу
Башкы машыктыруучу бул орунга 2010-жылы дайындалган. Жаңы олимпиадалык циклга да өз кызматында калды. Нурбек Изабековдун жетекчилигинде Олимпиадалардан балбан кыздарыбыз 2 күмүш, 2 коло медалдарын жеңишип, алгачкы Дүйнө чемпиондорубуз чыккан.
Улук машыктыруучу болуп, Байгазы Кенжебаевдин ордуна Нурдин Донбаев дайындалды.
Данияр Төлөгөн уулу - бокс боюнча башкы машыктыруучу
Башкы машыктыруучу бул орунга 2021-жылы дайындалган. Жаңы олимпиадалык циклга да өз кызматында калды. Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилигинде Олимпиададан жана Дүйнө Чемпионатынан Мунарбек Сейитбек уулу тарых жаратты. Улук машыктыруучу болуп Акыйкат Абаев дайындалды.
Эркин Ибрагимов - дзюдо боюнча башкы машыктыруучу
Мурдагы башкы машыктыруучу Абдулмажид Юнусов 2017-жылдан бери дзюдобузду жетектеген. Анын алдында Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынан алгачкы медалды жана Кубанычбек Айбек уулу Гран Слам мелдештеринен алгачкы алтынды алган.
Эркин Ибрагимов -81 кг салмак категорияда 2004 Афины Олимпиадасына катышкан, 2002 Азия Оюндарында 5-орунду ээлеген.
Улук машыктыруучу болуп Азат Кубакаев дайындалды.
✔Булак - sport.akipress.org, wikipedia.org