U17 күрөш триумфу

Эркин күрөш боюнча U17 улуттук курамыбыздын триумфу

Author
Кыраан командасы

9 октябрь 2024 17:47

19-25-августта Иорданиянын Амман шаарында күрөш боюнча U17 (кадеттер) Дүйнө Чемпионаты өткөн. Анда эркин күрөш боюнча балбандарыбыз 3 алтын жана 1 коло медалдарын жеңишип, командалык жыйынтыкта 38 өлкөнүн ичинен 3-орунга ээ болушкан. Азат Мирахимовдун жетекчилигиндеги жаш балбандарыбыздын триумфуна тереңирээк карап көрөлү.
 

 

википедия кадет чемпиондору

 

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 1992-2023-жылдар арасы үч кыргызстандык кадет дүйнө чемпиону аталган. Эрнис Базаркулов (1995, 51 кг), Сүймөнкул Таабалды уулу (1996, 55 кг) жана Дмитрий Михайлов (1997, 57 кг). Дмитрий өзү якутиялык, бирок  ошол жылы Кыргызстандын атынан Дүйнө Чемпионатына катышкан. Быйыл ошол тизмеге дароо үч чемпионубуз кошулуп, 30 жылдык ийгиликти 1 жылда кайталап коюшту.
 

Курстанбек Исаков

 

Быйылкы чемпионатта алгачкы алтын алган балбан - Курстанбек Исаков. Ал быйыл U17 Азия Чемпионатында күмүш алган. Былтыр U17 Дүйнө Чемпионатында медалсыз калган эле. Бул жылы 55 кг салмакта 1/8 финалда жапониялык атаандашын 3:1 эсебинде, чейрек финалда казакстандык атаандашын 7:1 эсебинде, жарым финалда АКШлык атаандашын 10:2 эсебинде жеңип, финалга чыккан. Финалдагы атаандашы 4 жолу U15&17 Панамерикалык чемпионаттардан алтын алган Пуэрто-Риколук балбан эле. Курстанбек аны да 4:2 эсебинде жеңип, Дүйнө Чемпиону аталды.
 

Рустамжан Кахаров

 

Экинчи алтынды Рустамжан Кахаров багындырды. Ал былтыры да, быйыл да U15&17 Азия чемпионатында күмүш алган болчу. Быйылкы U17 Дүйнө Чемпионатында 65 кг салмакта 1/16 финалда ирандык атаандашын 14:5 эсебинде, 1/8 финалда австралиялык атаандашын мөөнөтүнөн эрте 10:0 эсебинде, чейрек финалда грузиялык атаандашын 6:2 эсебинде, жарым финалда казакстандык атаандашын 12:5 эсебинде жеңип, финалга чыккан. Финалдагы атаандашы Рамазан Абдулкадыров Орусиянын Дагестан Республикасындагы күрөш дүйнөсүндө атактуу Хасавюрт шаарынан келген эле. Биздин балбаныбыз беттештин акыркы секундаларында өжөрлүгү менен жеңишти сууруп кетти. Эсеп 7:6 болду, Рустамжан да чемпион аталды.
 

Өмүрбек Асан уулу

 

Үчүнчү алтынды таанымал болуп калган Өмүрбек Асан уулу алды. Ал 3 жолку U15&17 Азия чемпиону, бирок былтыркы U17 Дүйнө Чемпионатында медалсыз калган эле. Бул жылы 60 кг салмакта 1/8 финалда жапониялык атаандашын 6:4 эсебинде, чейрек финалда украиналык U15 Европа чемпионун мөөнөтүнөн эрте 11:0 эсебинде, жарым финалда былтыркы АКШлык U17 Дүйнө чемпионунун далысын басып жеңип, финалга ишенимдүү чыккан. Өмүрбек финалда азербайжандык балбанды 5:1 эсебинде жеңип, U17 Дүйнө чемпиону аталган.  
 

Марлен Абдраимов

 

Жалгыз колону Марлен Абдраимов багындырган. Ал 2022 U15 Азия чемпионатында да коло алган болчу. Быйылкы U17 Дүйнө Чемпионатында 51 кг салмакта 1/16 финалда түркмөнстандык атаандашынын далысын басып, 1/8 финалда беларустук атаандашынын далысын басып, чейрек финалда азербайжандык атаандашын 4:4 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Ал баскычтагы АКШлык атаандашы 2022 U17 Дүйнө чемпиону болчу, тилекке каршы, Марлен ага 1:5 эсебинде жеңилип калган. Колого болгон беттеште өзбекстандык атаандашын мөөнөтүнөн эрте 17:6 эсебинде жеңген.
 

командалык жарыш

 

U17 Дүйнө Чемпионатында эркин күрөш боюнча 10 медал топтому ойнотулган. 3 алтынды биз, 3 алтынды АКШ, 2 алтынды Иран, 1 алтынды Грузия, 1 алтынды Өзбекстан алды. Командалык жарышта 38 өлкөнүн ичинен 108 упай менен 3-орунга ээ болдук. 1-орунда АКШ, 2-орунда Иран жайгашты. Акыркы 10 жылда алгачкы жолу командалык байгелүү орунга ээ болдук. (2013-жылга чейинки командалык жыйынтыктар боюнча маалымат таппадык.) 2028-жылга чейин эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы алгачкы Дүйнө Чемпиондору чыгып, Лос-Анджелесте алтындарды алып келишет деген ишеничтебиз.
 

 

✔Булак - wikipedia , sportyakutia.ru , uww.org

Тектеш темалар