4 ноябрь 2024 07:46
22-октябрдан 3-ноябрга чейин Черногориянын Будва шаарында IBA тарабынан уюштурулган жаштар арасы (U19) Дүйнө Чемпионаты болуп өттү. Ал жакка 73 өлкөдөн 595 жаш боксчу барып, эркектер арасы 13 медал топтому жана кыз-келиндер арасы 12 медал топтому ойнотулду.
Айта кетсек, IBA уюмун Эл аралык Олимпиада Комитети тааныбаганы үчүн, ышкыбоздор боксун көзөмөлдөй турган дагы бир уюм “World Boxing” ачылган. Ал уюм да АКШнын Колорадо штатындагы Пуебло шаарында U19 Дүйнө Чемпионатын өткөрдү.
IBA тарабынан уюштурулган Черногориядагы жаштар арасы (U19) Дүйнө Чемпионатына 14 боксчубуз барган, 12 эркек жана 2 кыз-келин. Арасынан эки боксчубуз медалга кол жеткире алды.
Биздин жеңүүчүлөрүбүз:
🥉 Тыныстан Алыбаев, 92 кг
🥉 Амантур Жумаев, 54 кг
Жалпы командалык жыйынтык:
1) Казакстан - 🥇x 6, 🥈 x 1, 🥉 x 10
2) Өзбекстан - 🥇x 5, 🥈 x 5, 🥉 x 3
3) Орусия - 🥇x 5, 🥈 x 2, 🥉 x 1
Эркектер командалык жыйынтык:
1) Өзбекстан - 🥇x 5, 🥈 x 2, 🥉 x 2
2) Казакстан - 🥇x 4, 🥈 x 0, 🥉 x 4
3) Орусия - 🥇x 3, 🥈 x 2, 🥉 x 0
13) Кыргызстан - 🥇x 0, 🥈 x 0, 🥉 x 2
Кыз-келиндер командалык жыйынтык:
1) Кытай - 🥇x 3, 🥈 x 2, 🥉 x 2
2) Казакстан - 🥇x 2, 🥈 x 1, 🥉 x 6
3) Орусия - 🥇x 2, 🥈 x 0, 🥉 x 1
✔Булак - iba.sport