3 ноябрь 2024 18:17
IBA уюмун Эл аралык Олимпиада Комитети тааныбаганы үчүн, ышкыбоздор боксун көзөмөлдөй турган дагы бир уюм “World Boxing” ачылган. 26-октябрдан 2-ноябрга чейин АКШнын Колорадо штатындагы Пуебло шаарында аталган уюмдун U19 Дүйнө Чемпионаты болуп өттү. Ал жакка 30 өлкөдөн 180ден ашуун боксчу катышты, анын ичинде биздин да 5 боксчубуз бар. Тилекке каршы, ал жактагы боксчуларыбыз медалга кол жеткире албады. Эркектер арасы 10 жана кыз-келиндер арасы 10 медал топтому ойнотулган.
Айта кетсек, World Boxing уюмуна Кыргызстан да расмий түрдө кошулду.
Ошол эле учурда Черногориянын Будва шаарында IBA тарабынан уюштурулган жаштар арасы (U19) Дүйнө Чемпионаты да жыйынтыкталууда. Ал жактагы боксчуларыбыз 2 коло багындырышкан.
World Boxing U19 Дүйнө Чемпионаты:
Эркектер командалык жыйынтык
1) АКШ - 🥇x 3, 🥈 x 1, 🥉 x 0
2) Англия - 🥇x 2, 🥈 x 0, 🥉 x 1
3) Жапония - 🥇x 2, 🥈 x 0, 🥉 x 0
Кыз-келиндер командалык жыйынтык
1) Англия - 🥇x 6, 🥈 x 0, 🥉 x 0
2) Индия - 🥇x 3, 🥈 x 7, 🥉 x 0
3) Чехия - 🥇x 1, 🥈 x 0, 🥉 x 0
✔Булак - https://xboxing.world/