Жанар 2024 коло

Үч дзюдочубуз юниорлор арасы Азия Чемпионатында коло медалдарына ээ болушту!

Author
Кыраан командасы

31 август 2024 16:39

Бүгүн Түштүк Кореянын Мунгён шаарында юниорлор арасы Азия Чемпионаты башталды. Алгачкы күнү үч дзюдочубуз медалга жетти.

 

*Эл аралык дзюдо федерациясынын эрежелери боюнча юниор болуп 21 жаштагы же андан жаштар эсептелинет.

 

Дзюдо юниорлор, жеңүүчүлөрүбүз:
🥉 Жанар Жолдошева, -57 кг
🥉 Адина Кочконбаева, -63 кг
🥉 Мырзайым Дуйшенбекова, -63 кг

 

Бул чемпионат 2 күнгө пландалган. Эркектер жана кыз-келиндер арасы 14 салмак категорияларына жалпысынан 18 жаш дзюдочубуз катталган. 17 өлкөдөн 165 дзюдочу күч сынашууда. Эртең бул чемпионат жыйынтыкталат.

 

Буга чейин ошол эле жерде 29, 30-август кадеттер боюнча Азия Чемпионаты өттү. Кененирээк


✔Булак - IG: @kyrgyz_judo_federation , www.wikipedia.org , www.judotv.com