30 август 2024 18:51
Бүгүн Түштүк Кореянын Мунгён шаарында кадеттер арасы Азия Чемпионаты аяктады. Экинчи күнү дагы дзюдочубуз медалга жетти.
*Эл аралык дзюдо федерациясынын эрежелери боюнча кадет болуп 18 жаштагы же андан жаштар эсептелинет.
Дзюдо кадеттер, жеңүүчүлөрүбүз:
🥉 Айдай Какитаева, 57 кг
🥉 Азима Конокбаева, 60 кг
Кечээги:
🥉 Марсель Түмөнбаев, 50 кг
🥉 Адис Орозмаматов, 60 кг
Бул чемпионат 2 күндө аягына чыкты. Эркектер жана кыз-келиндер арасы 16 салмак категорияларына жалпысынан 20 кадет дзюдочубуз барган. Жалпысынан 16 өлкөдөн 169 дзюдочу күч сынашты.
Командалык жыйынтык:
1) Түштүк Корея - 🥇x 6, 🥈 x 4, 🥉 x 7
2) Өзбекстан - 🥇x 6, 🥈 x 4, 🥉 x 6
3) Монголия - 🥇x 2, 🥈 x 1, 🥉 x 4
7) Кыргызстан - 🥇x 0, 🥈 x 0, 🥉 x 4
Эртең, 31-августта, ошол эле жерде юниорлор арасы Азия Чемпионаты башталып, 1-сентябрда жыйынтыкталат. Юниорлордун жарышына 17 өлкөдөн 165 атлет эркектер жана кыз келиндер арасы 14 медал топтомун талашат, анын ичинде биздин 18 дзюдочубуз бар.
*Эл аралык дзюдо федерациясынын эрежелери боюнча юниор болуп 21 жаштагы же андан жаштар эсептелинет.
✔Булак - IG: @kyrgyz_judo_federation , www.wikipedia.org , www.judotv.com, IG: @alibek_choroev