көк кийимчен кыргыз боксчусу

U17 бөлүгүндө 2 боксчубуз финалдарга чыкты! U17 & U15 Азия Бокс Чемпионаты, 9-күн

Author
Кыраан командасы

6 сентябрь 2024 20:39

Бүгүн Бириккен Араб Эмирликтеринин Аль-Айн шаарында бокс боюнча U17 & U15 Азия Чемпионатынын 9-күнү аяктады. Негизинен бул мелдеш 9-сентябрга чейин уланат. Аль-Айнда 26 өлкөдөн 460тан ашуун боксчу күч сынашууда, арасында биздин спортчулар да бар.

 

Азия бокс конфедерациясынын чечими боюнча U17 (юниорлор) категориясына 2008-2009-жылы туулгандар катыша алат. Ал эми, U15 (өспүрүмдөр) категориясына 2010-2011-жылы туулгандар катыша алат.

 

Буга чейин 3 өспүрүм (U15) боксчубуз финалдарга чыккан. U17 бөлүгүндө (юниорлор) 2 боксчубуз финалдарга чыгышты. U15 финалдар 8-сетябрь, U17 финалдар 9-сентябрь өтөт.

 


Бүгүнкү жыйынтык:


U17 48 кг жарым финал
❌ Умар Орусбаев, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Саханд Нажафи, Иран

 

U17 54 кг жарым финал
❌ Абдулхак Садиков, Кыргызстан
🤙 1:4
✅ Билолжон Иксанов, Тажикстан

 

U17 57 кг жарым финал
✅ Кутманбий Муратов, Кыргызстан
🤙 3:0
❌ Абубакр Азизов, Тажикстан

 

U17 66 кг жарым финал
✅ Ахмади Арваз, Кыргызстан
🤙 5:0
❌ Амирмохаммад Ростампур, Иран

 


Эртең беттештер болбойт, бүрсүгүнү финалдар башталат.
Бүрсүгүнкү беттештер (8-сентябрь):

 

U15 52 кг финал
Ризван Исаев, Кыргызстан
vs
Нурислам Онгалбек, Казакстан

 

U15 67 кг финал
Камиль Шар, Кыргызстан
vs
Юнус Салихов, Украина

 

U15 70+ кг финал
Назарбай Кендирбаев, Кыргызстан
vs
Дмитро Косяненко, Украина

 


✔Булак - IG: @boxingkyrgyzstan , IG: @asbc_official
 

Тектеш темалар