U15 боксчу Азия финалисти

U15 бөлүгүндө жалпысынан 3 боксчубуз финалдарга чыкты! U17 & U15 Азия Бокс Чемпионаты, 8-күн

Author
Кыраан командасы

5 сентябрь 2024 20:30

Бүгүн Бириккен Араб Эмирликтеринин Аль-Айн шаарында бокс боюнча U17 & U15 Азия Чемпионатынын 8-күнү аяктады. Негизинен бул мелдеш 9-сентябрга чейин уланат. Аль-Айнда 26 өлкөдөн 460тан ашуун боксчу күч сынашууда, арасында биздин спортчулар да бар.

 

Азия бокс конфедерациясынын чечими боюнча U17 (юниорлор) категориясына 2008-2009-жылы туулгандар катыша алат. Ал эми, U15 (өспүрүмдөр) категориясына 2010-2011-жылы туулгандар катыша алат.

 

Жарым финалдарга чыккан 10 өспүрүм (U15) боксчубуздан 3 балабыз акыркы баскычка жетти, калгандары коло медалдарына ээ болушту. U17 бөлүгүндө (юниорлор) 4 боксчубуз жарым финалдарга чыгышкан. Бул жарым финалдар эртең болот.

 


Бүгүнкү жыйынтык:


U15 35 кг жарым финал
❌ Ташкул Амангелдиев, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Абылай Доссымбеков, Казакстан

 

U15 37 кг жарым финал
❌ Жасурбек Икромидинов, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Фирузжон Бойматов, Тажикстан

 

U15 40 кг жарым финал
❌ Ариет Санжарбеков, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Нитин Нитин, Индия

 

U15 43 кг жарым финал
❌ Муслим Паншер, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Мухаммадали Истамов, Өзбекстан

 

U15 46 кг жарым финал
❌ Нурсултан Жумалиев, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Богдан Шакытко, Украина

 

U15 52 кг жарым финал
✅ Ризван Исаев, Кыргызстан
🤙 4:1
❌ Назарии Флинта, Украина

 

U15 55 кг жарым финал
❌ Темирлан Абыталиев, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Лакшай Балхара, Индия

 

U15 64 кг жарым финал
❌ Улукбек Абдуманбетов, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Торехан Канатбай, Казакстан

 

U15 67 кг жарым финал
✅ Камиль Шар, Кыргызстан
🤙 3-раунд ТКО
❌ Мухаммадризо Холдаров, Өзбекстан

 

U15 70+ кг жарым финал
✅ Назарбай Кендирбаев, Кыргызстан
🤙 2-раунд ТКО
❌ Хуй Хоанг Ву, Вьетнам

 


Эртеңки беттештер:

 

U17 48 кг жарым финал
Умар Орусбаев, Кыргызстан
vs
Саханд Нажафи, Иран

 

U17 54 кг жарым финал
Абдулхак Садиков, Кыргызстан
vs
Билолжон Иксанов, Тажикстан

 

U17 57 кг жарым финал
Кутманбий Муратов, Кыргызстан
vs
Абубакр Азизов, Тажикстан

 

U17 66 кг жарым финал
Ахмади Арваз, Кыргызстан
vs
Амирмохаммад Ростампур, Иран
 

 


✔Булак - IG: @boxingkyrgyzstan , IG: @asbc_official
 

Тектеш темалар