13 январь 2025 06:02
Ар дүйшөмбү биз сиздерге өткөн аптадагы кесипкөй боксунун урунтуу учурларын чагылдырып турганбыз. Акыркы жолу 13-декабрда чыгарганбыз, бул чыгарылышта өткөн 4 аптадагы биздин көңүлүбүздү тарткан үч беттеш жөнүндө сөз кылабыз.
Александр Усик (23-0, 14 КО) Тайсон Фьюрини (34-2-1, 24 КО) бирдей чечим менен жеңип, алардын узакка созулган атаандаштыгын жыйынтыктады. Үч калыс тең 116-112 эсебинде Александрды жеңүүчү деп табышты, ал WBA, WBC жана WBO титулдарын коргоп калды. Тайсон Фьюри өзүнүн салмагын жана тажрыйбасын колдонуп, Александр Усиктин темпин жайлатууга аракет кылды. Бирок украиналык боксчу активдүүлүгүн сактап, беттештин жүрүшүндө үстөмдүк кылды. Видеосу сайтыбызда бар.
оор салмак WBA, WBC, WBO курларына
✅ Александр Усик (23-0, 14 КО), Украина
🤙 бирдей чечим
❌ Тайсон Фьюри (34-2-1, 24 КО), Улуу Британия
Карлос Канисалес бош болгон 49 кг WBC чемпиондук кур үчүн болгон беттеште Панья Прадабсриге утулду деп талаштуу түрдө бааланып калды, бирок ал беттеште үстөмдүк кылгандай көрүнгөн. Панья Прадабсринин бети шишип, көп сокку кабыл алганы көрүнүп турган. Чечим кеңири сынга алынып, упайлар 116-112, 115-113 жана 114-114 болуп, Паньянын пайдасына берилди. Жылдын эң начар чечимдеринин бири катары бааланып, WBC президенти Маурисио Сулайман көңүл буруусу талап кылынууда.
49 кг WBC куруна
❌ Карлос Канисалес (27-3-1, 19 КО), Венесуэла
🤙 көпчүлүк чечим
✅ Панья Прадабсри (44-2, 27 КО), Тайланд
Жей Опетая Австралиянын Голд-Кост шаарында Дэвид Нийканы төртүнчү раундда нокаут кылып, 91 кг IBF курун сактап калды. Беттеште күчтүү соккулар алмашылды, бирок Жей өзүнүн тактыгы жана күчү менен жеңишке жетти. Ал төртүнчү раундда Дэвидди оң хук менен жыгып, андан кийин комбинация менен нокаутка кетирди. Дэвид Нийка кийин өзүнө келип, рингден чыгып кетти.
91 кг IBF куруна
✅ Жей Опетая (27-0, 21 КО), Австралия
🤙 4-раунд, нокаут
❌ Дэвид Нийка (10-1, 9 КО), Жаңы Зеландия
✔Булак - boxingscene.com, boxrec.com, espn.com