Амантур Жумаев

Амантур Жумаев менен Тыныстан Алыбаев коло медалдарын жеңишти! Жаштар арасы IBA Дүйнө Чемпионаты биз үчүн аяктады

Author
Кыраан командасы

1 ноябрь 2024 13:20

Черногориянын Будва шаарында IBA тарабынан уюштурулган жаштар арасы (U19) Дүйнө Чемпионаты өтүүдө. Кечээ 9-күн жыйынтыкталды, мелдеш 3-ноябрда аягына чыгат. Будвада 73 өлкөдөн 595 жаш боксчу күч сынашууда. Эркектер арасы 13 медал топтому жана кыз-келиндер арасы 12 медал топтому ойнотулуп жатат.
 

Айта кетсек, IBA уюмун Эл аралык Олимпиада Комитети тааныбаганы үчүн, ышкыбоздор боксун көзөмөлдөй турган дагы бир уюм ачылган, анын аты - World Boxing. Ал уюм да азыркы учурда АКШнын Колорадо штатындагы Пуебло шаарында U19 Дүйнө Чемпионатын өткөрүүдө. Ал жакка 30 өлкөдөн 180ден ашуун боксчу катышууда, анын ичинде биздин да боксчуларыбыз бар. Тилекке каршы, ал жактагы боксчуларыбыз медалга кол жеткире албады.
 

IBA тарабынан уюштурулган Черногориядагы жаштар арасы (U19) Дүйнө Чемпионатына 14 боксчубуз барган, 12 эркек жана 2 кыз-келин. Арасынан эки боксчубуз медалга кол жеткире алды, алар төмөндө белгиленген.



Амантур Жумаев:
 

54 кг 1/16
✅ Амантур Жумаев, Кыргызстан
🤙 2-раунд, ТКО
❌ Тине Жакомини, Словакия


54 кг 1/8
✅ Амантур Жумаев, Кыргызстан
🤙 1-раунд, ТКО
❌ Исаак Ринкон Кармона, Колумбия
 

54 кг 1/4
✅ Амантур Жумаев, Кыргызстан
🤙 5:0
❌ Коуссай Даллаги, Тунис
 

54 кг жарым финал
❌ Амантур Жумаев, Кыргызстан
🤙 1:4
✅ Ханруй Жанг, Кытай



Тыныстан Алыбаев:
 

92 кг 1/8
✅ Тыныстан Алыбаев, Кыргызстан
🤙 2-раунд, ТКО
❌ Мустапа Мухамметдурдыев, Түркмөнстан


92 кг 1/4
✅ Тыныстан Алыбаев, Кыргызстан
🤙 3-раунд, ТКО
❌ Звонимир Зирдум, Хорватия
 

92 кг жарым финал
❌ Тыныстан Алыбаев, Кыргызстан
🤙 3-раунд, ТКО
✅ Амирреза Малекхатаби, Иран



✔Булак - iba.sport
 

Тектеш темалар