ДКО 2024 кыргыздар бүркүттөр

ДКО 2024, 2-күн: бизде 3 алтын, 7 күмүш, 4 коло, медалдык тизмекте 2-орундабыз

Author
Кыраан командасы

9 сентябрь 2024 19:45

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүүдө. Бул иш чарага 89 өлкөдөн 2430 атлет барганы айтылууда. Алар 21 спорт түрүнөн 100 медал топтому үчүн күч сынашууда.
 

Кечээ 1 медал топтому ойнотулса, бүгүн 22 медал топтому ойнотулду.
 

Медалдык тизмек
1) Казакстан- 🥇x 14, 🥈 x 3, 🥉 x 8
2) Кыргызстан - 🥇x 3, 🥈 x 7, 🥉 x 4
3) Орусия- 🥇x 3, 🥈 x 2, 🥉 x 5
 

Бүгүнкү жеңүүчүлөрүбүз:
🥇 Бекболот Токтогонов, кураш +100 кг
🥇 Уланбек Тургунбаев, таяк тартыш (мас-рестлинг) 65 кг
🥇 Элза Абдыкадырова, таяк тартыш (мас-рестлинг) 55 кг
🥈 Кимал Оболбеков, казак куресы -55 кг
🥈 Луиза Асакеева, казак куресы -48 кг
🥈 Бактыгул Райхан уулу, эр эңиш -70 кг
🥈 Жекшенбек Турдыбеков, эр эңиш -60 кг
🥈 Бекмырза Токтошев, таяк тартыш (мас-рестлинг) 70 кг
🥈 Элдос Айтбаев, таяк тартыш (мас-рестлинг) 80 кг
🥈 Асел Садырова, салттуу жаа атуу “Пута” бутасы кыз-келиндер
🥉 Байбол Саламат уулу, казак куресы -66 кг
🥉 Исхак Токонов, салттуу жаа атуу “Пута” бутасы эркектер
🥉 Калыбек Бусурманкул уулу, эр эңиш -80 кг
🥉 Ажар Исаева, кураш -70 кг
 

Эртеңки программа:
Жер улак (көкпар) чейрек финалдык, жарым финалдык оюндар
Көк бөрү тайпалардын 2-оюндары
Атчан жаа атуу (Жамбы ату) түркий стили
Эр эеңиш (аударыспақ) -90, -100, +100 кг салмактар
Салттуу жаа атуу “Калкан”
Казак куресы эркектер -82, -90, -100, +100 салмактар
Казак куресы кыз-келиндер -65, -70, -77, +77 салмактар
Кураш эркектер -60 кг, -66 кг, -73 кг, кыз келиндер -57 кг
Таяк тартыш (мас-рестлинг) эркектер -90 кг, -105 кг, кыз-келиндер -65 кг, -75 кг
Ашык атуу жарым финалдар
тогуз коргоол жарым финалдар
 

✔Булак - IG: @sport.gov.kg, worldnomadgames.kz
 

Тектеш темалар