6 сентябрь 2024 15:59
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтөт. Бул иш чарага 85 өлкөдөн ~2000 атлеттин катышуусу күтүлүүдө. Мелдештер 21 спорт түрү боюнча болуп, 100 медал топтому ойнотулат.
Көк бөрү
Оюндар “Казанат” ат майданында өтөт. КТРК спорт каналында түз эфир берилет. Төмөнкү убакыттар Бишкек сааты боюнча жазылган.
09.09.2024, 16:00-18:00 - тайпалык оюндар
10.09.2024, 16:00-18:00 - тайпалык оюндар
11.09.2024, 16:00-18:00 - тайпалык оюндар
12.09.2024, 16:00-18:30 - финалдар
Жер улак (Көкпар)
Оюндар “Казанат” ат майданында өтөт. КТРК спорт каналында түз эфир берилет. Төмөнкү убакыттар Бишкек сааты боюнча жазылган.
09.09.2024, 11:00-13:00 - алдын ала оюндар
10.09.2024, 11:00-14:00 - чейрек финалдар
11.09.2024, 11:00-13:00 - жарым финалдар
12.09.2024, 11:00-13:30 - финалдар
Алыш
Алыш – кыргыз элинини улуттук бел боо күрөшү. Алыш күрөшүнүн тарыхы өзүнө тээ байыркы замандарды камтып келет. Ошондой эле күрөштүн бул түрү кыргыздардын байыркы спорт оюндарынын бири болуп саналат.
11.09.2024 Ж. Ушкемпиров атындагы жекеме-жеке сарайында өтөт.
Ат чабыш
13.09.2024 “Казанат” ат майданында өтөт.
Теңге илүү
Казактардын улуттук оюну. Оюндун максаты - 150 метр аралыктан кыска убакытта беш баштык акча чогултуу. Оюндун катышуучулары бирдей сандагы эки топко бөлүнүшөт. Ар бир оюнчу кезектешип ат минишет.
12.09.2024, 13.09.2024 Этноауылда өтөт.
Эр эңиш (Аударыспақ)
Эр эңиш – ат үстүндөгү эңишүү. Жеңишке ээ болуш үчүн чабандес атаандашын атынан оодарып, атаандашынын денесинин бир мүчөсүн жерге тийгизсе, жеңди деп эсептелинет.
09.09.2024, 10.09.2024 Этноауылда өтөт.
Күч таймашы (Толағай, Состязание силачей, Powerful nomad)
Бул жарыш 5 түр боюнча өтөт.
1) 100 кг ташты көтөрүп 10 метрге жылдыруу.
2) 100 кг кап менен отуруп туруу.
3) 10 кг найзаны 10 метрдеги бутага ыргытуу.
4) 130 кг жыгачты далга коюп отуруп туруу.
5) 200 кг арабаны 10 метрге жылдыруу.
11.09.2024 Этноауылда өтөт.
Атчан жаа атуу (Жамбы ату)
Жарыштар Этноауылда өтөт.
08.09.2024 - Венгр стили
09.09.2024 - Азия стили
10.09.2024 - Түркий стили
11.09.2024 - Жамбы стили
Салбуурун (Құсбегілік)
Бул жарыш үч түр боюнча өтөт. Бүркүт салуу, далба ойнотуу, куш салуу.
12.09.2024, 13.09.2024 Этноауылда өтөт.
Салттуу жаа атуу (Дəстүрлі садақ ату)
Жарыштар Аргымак кмоплексинде өтөт.
09.09.2024 - түркиялык “Пута” бутасы
10.09.2024 - “Калкан”
11.09.2024 - казакстандык “Жамбы” бутасы
12.09.2024 - командалык жарыш
Казаx куресы
Казаx куресы – казак элинин улуттук күрөшү. Казак элинин улуттук күрөшү болгон казак күрөшү казактардын байыркы улуттук спорт түрлөрүнүн бири болуп саналат.
09.09.2024, 10.09.2024 Ж. Ушкемпиров атындагы жекеме-жеке сарайында өтөт.
Корэш
Татар элинин улуттук бел боо күрөшү.
12.09.2024 Ж. Ушкемпиров атындагы жекеме-жеке сарайында өтөт.
Кураш
Өзбек элинин улуттук күрөшү.
09.09.2024, 10.09.2024 “Алау” муз сарайында өтөт.
Аркан тартыш
11.09.2024 “Алау” муз сарайында өтөт.
Ашыртмалы аба гюреши
Ашыртмалы аба гюреши – түрк элинин улуттук күрөшү, түрк гюреш күрөшүнүн салттуу түрүнүн бири.
12.09.2024 “Алау” муз сарайында өтөт.
Мас-рестлинг
Мас-рестлинг – Якутиянын улуттук спортунун бир түрү. Дүйнөдөгү көптөгөн элдердин улуттук оюндарынын катарында кандайдыр бир нерсени тартуу (таяк, камчы, тери, тактай, найза, аркан) сыяктуу салттуу оюндары болгон.
Мас-рестлингде атаандаштар бири-бирине карама-каршы отуруп, анын четине коюлган тактайга бутун таянып, эки колу менен таякты кармашат. Жеңиш үчүн спортчу атаандашынын колунан таякты жулуп алышы керек же таяк менен кошо аны капталына тартып алышы керек. Беттеш балбандардын биринин эки жеңишине чейин созулат.
09.09.2024, 10.09.2024 “Алау” муз сарайында өтөт.
Ашык атуу
09.09.2024, 10.09.2024, 11.09.2024 “Алау” муз сарайында өтөт.
Ордо
Ордо – кыргыздын кылымдан-кылымга, муундан-муунга өтүп келген, коом ичинде жайылтылган оюн. “Ордо” деген сөздүн өзү эле хандын ордосу дегенди билдирет. Оюндун маңызы ордону ээлик кылуу болуп саналат.
12.09.2024, 13.09.2024 “Алау” муз сарайында өтөт.
Тогуз коргоол (Тоғызқұмалақ)
Интеллекиуалдык оюн. Оюнчунун негизги максаты болуп коргоолдорду көбүрөөк чогултуу болуп эсептелет. Ар бир оюнчунун тактасында 9 чукурчасы, ал чукурлардын ичинде тогуздан ташы болот.
09.09.2024, 10.09.2024, 11.09.2024 “Парламент-Думан” Конференц-залында өтөт.
Овари
Овари – Африка элинин акыл курчуткан-стратегиялык оюну.
12.09.2024 “Парламент-Думан” Конференц-залында өтөт.
Мангала
Мангала – түрк элинин интеллектуалдык жана стратегиялык оюну.
13.09.2024 “Парламент-Думан” Конференц-залында өтөт.
✔Булак - IG: @sport.gov.kg, IG: @kokboru_federation, worldnomadgames.com , worldnomadgames.kz, wikipedia.org