1 декабрь 2024 07:20
Азыркы учурда Тайланддын Чиангмай шаарында өтүп жаткан бокс боюнча 2024 Азия Чемпионатынын 2-күнү Санжар Сейдакматов рингге чыкты. Санжар 2022-жылкы Азия чемпионатынын 54 кг салмак категориясынын коло байгесинин ээси.
1/8 57 кг
❌ Санжар Сейдакматов, Кыргызстан
🤙 0:5
✅ Лундаа Гантумур, Монголия
Чиангмайда 21 өлкөдөн 210 боксчу күч сынашууда жана эркектер арасы 13 медал топтому, кыз-келиндер арасы 12 медал топтому ойнотулат. Элибиздин намысын коргоо үчүн 11 боксчубуз барган. Кечээ эки боксчубуз алгачкы беттештерин жеңип, чейрек финалдарга чыкты. Торчолор жана беттештердин жыйынтыктары сайтта көрсөтүлгөн. Түз эфир ASIAN BOXING CONFEDERATION (ASBC) ютуб каналында берилүүдө. Мелдештин жүрүшү биздин сайтта бар.
Эртеңки беттештер
1/8 75 кг
Даниэл Абдрахманов, Кыргызстан
vs
Жавохир Умматалиев, Өзбекстан
✔Булак - http://www.asbcnews.org/