30 ноябрь 2024 09:25
Азыркы учурда Тайланддын Чиангмай шаарында бокс боюнча 2024 Азия Чемпионаты өтүүдө. Мелдеш 11-декабрда жыйынтыкталат. Чиангмайда 21 өлкөдөн 210 боксчу күч сынашууда жана эркектер арасы 13 медал топтому, кыз-келиндер арасы 12 медал топтому ойнотулат. Элибиздин намысын коргоо үчүн 11 боксчубуз барган. Торчолор жана беттештердин жыйынтыктары сайтта көрсөтүлгөн. Түз эфир ASIAN BOXING CONFEDERATION (ASBC) ютуб каналында берилүүдө. Бул чемпионаттын кызыктуу жери - Украина дагы Азия Бокс Кофедерациясынын уруксаты менен катышууда.
Азия чемпионаты Дүйнө чемпионаты сыяктуу эле эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Акыркы 10 жылда биздин боксчулар Азия биринчилигинен 12 коло алган.
Мелдештин жүрүшү (эркектер)
30.11.2024 - 67, 71 кг квалификациялык беттештери
01.12.2024 - 57, 60, 80 кг квалификациялык беттештери
02.12.2024 - 63.5, 75 кг квалификациялык беттештери
03.12.2024 - 48, 51, 54 кг квалификациялык беттештери
04.12.2024 - 67, 71, 75 кг чейрек финалдары
05.12.2024 - 57, 60, 80 кг чейрек финалдары
06.12.2024 - 48, 51, 54, 63.5, 86, 92, +92 кг чейрек финалдары
08.12.2024 - кыз-келиндер гана
09.12.2024 - жарым финалдар
10.12.2024 - кыз-келиндер гана
11.12.2024 - финалдар
✔Булак - http://www.asbcnews.org/