13 октябрь 2024 16:09
Кикбокс боюнча WAKO уюмунун Азия Чемпионаты быйыл Камбоджанын Пномпень шаарында болуп өттү. Ал жакта 23 өлкөдөн 515 кикбоксчу күч сынашкан. Арасында биздин да 3 балбаныбыз бар болчу. Мелдештин расмий бөлүгү 6-октябрда башталып, бүгүн толук жыйынтыкталды. Кикбокстун 7 түрүнөн жалпысынан 104 медал топтому ойнотулду.
Жеңүүчүлөрүбүз:
🥇 Аброр Хакимов, лоукик 71 кг
🥉 Адилет Улан уулу, лоукик 60 кг
🥉 Азамат Кудайбердиев, К1 75 кг
Маалымат
Ышкыбоздор кикбоксунун эң ири уюму - WAKO (Кикбокс уюмдарынын дүйнөлүк ассоциациясы). WAKO эрежелерине ылайык, жарыштар 7 түрдө өтөт:
Татамиде (толук күч менен соккулар узатылбайт)
1 - Поинт Файтинг
2 - Кик Лайт
3 - Лайт Контакт
4 - Музыкалык/ Креативдик формалары
Рингде (толук күч менен соккулар узатылат)
5 - Фул Контакт
6 - Лоукик
7 - К1
Кикбокстун К1 түрү мурдатан эле Дүйнөлүк Оюндардын программасында бар жана Поинт Файтинг түрү 2025-жылы алгачкы жолу аталган оюндардын алкагында өтөт. 2025-жылы өтө турчу XIII Дүйнөлүк Оюндарына бул мелдеште жолдомолор берилет.
Дүйнөлүк Оюндар - бул Олимпиадага кирбеген спорт түрлөрү арасы эл аралык Оюндар. Акыркы жолу 2022-жылы АКШнын Бирмингем шаарында өткөн, кийинкиси 2025-жылдын Август айында Кытайдын Чэнду шаарында өтөт. Оюндар 35 спорт түрү боюнча болот, арасында кикбокс (К1, Поинт Файтинг), самбо, жиу-житсу, муай-тай, карате, ушу бар.
✔Булак - https://www.sportdata.org/kickboxing/set-online/veranstaltung_info_main.php?active_menu=calendar&vernr=2045 , https://wako.sport/ , https://en.wikipedia.org/wiki/2025_World_Games, IG: @sport.gov.kg