8 октябрь 2024 15:25
Кикбокс боюнча Азия Чемпионаты быйыл Камбоджанын Пномпень шаарында өтүүдө. Ал жакка 22 өлкөдөн 420 спортчу аттанган, арасында биздин да 3 балбаныбыз бар. Мелдештин расмий бөлүгү 6-октябрда башталган, 13-октябрда толук жыйынтыкталат. Мелдеш WAKO уюму тарабынан өткөрүлөт.
Мелдештин жүрүшү:
08.10.2024 - квалификация 1-бөлүк
09.10.2024 - квалификация 2-бөлүк
10.10.2024 - квалификация 3-бөлүк, жарым финалдар 1-бөлүк
11.10.2024 - тыныгуу
12.10.2024 - жарым финалдар 2-бөлүк, финалдар 1, 2-бөлүктөр
13.10.2024 - жарым финалдар 3-бөлүк, финалдар 3, 4-бөлүктөр
Биздин курамыбыз:
Адилет Улан уулу, лоукик 60 кг
Аброр Хакимов, лоукик 71 кг
Азамат Кудайбердиев, К1 75 кг
Машыктыруучу - Куан Абдыраимов
Маалымат
Ышкыбоздор кикбоксунун эң ири уюму - WAKO (Кикбокс уюмдарынын дүйнөлүк ассоциациясы). WAKO эрежелерине ылайык, жарыштар 7 түрдө өтөт:
Татамиде (толук күч менен соккулар узатылбайт)
1 - Поинт Файтинг
2 - Кик Лайт
3 - Лайт Контакт
4 - Музыкалык/ Креативдик формалары
Рингде (толук күч менен соккулар узатылат)
5 - Фул Контакт
6 - Лоукик
7 - К1
Кикбокстун К1 түрү мурдатан эле Дүйнөлүк Оюндардын программасында бар жана Поинт Файтинг түрү 2025-жылы алгачкы жолу аталган оюндардын алкагында өтөт. 2025-жылы өтө турчу XIII Дүйнөлүк Оюндарына бул мелдеште жолдомолор берилет.
Дүйнөлүк Оюндар - бул Олимпиадага кирбеген спорт түрлөрү арасындагы эл аралык Оюндар. Акыркы жолу 2022-жылы АКШнын Бирмингем шаарында өткөн, кийинкиси 2025-жылдын Август айында Кытайдын Чэнду шаарында өтөт. Оюндар 35 спорт түрү боюнча болот, арасында кикбокс (К1, Поинт Файтинг), самбо, жиу-житсу, муай-тай, карате, ушу бар.
✔Булак - https://wako.sport/ , https://en.wikipedia.org/wiki/2025_World_Games