Амантур Жумаев

Жаштар арасы IBA Дүйнө Чемпионатынын 6-күнү аяктады. 5 боксчубуз чейрек финалдарда!

Author
Кыраан командасы

29 октябрь 2024 03:53

Черногориянын Будва шаарында IBA тарабынан уюштурулган жаштар арасы (U19) Дүйнө Чемпионаты өтүүдө. Кечээ 6-күн жыйынтыкталды, мелдеш 3-ноябрда аягына чыгат. Будвада 73 өлкөдөн 595 боксчу күч сынашууда. Эркектер арасы 13 медал топтому жана кыз-келиндер арасы 12 медал топтому ойнотулуп жатат.
 

Айта кетсек, IBA уюмун Эл аралык Олимпиада Комитети тааныбаганы үчүн, ышкыбоздор боксун көзөмөлдөй турган дагы бир уюм ачылган, анын аты - World Boxing. Ал уюм да азыркы учурда АКШнын Колорадо штатындагы Пуебло шаарында U19 Дүйнө Чемпионатын өткөрүүдө. Ал жакка 30 өлкөдөн 180ден ашуун боксчу катышууда, анын ичинде биздин да боксчуларыбыз бар.
 

IBA тарабынан уюштурулган жаштар арасы (U19) Дүйнө Чемпионатына 14 боксчубуз барган, 12 эркек жана 2 кыз-келин. Чейрек финалдарга 5 боксчубуз чыкты. Алар төмөндө белгиленген.



Момуналы Ыбыраймакунов:
 

51 кг 1/16
✅ Момуналы Ыбыраймакунов, Кыргызстан
🤙 3:0
❌ Тевфик Аккаш, Түркия
 

51 кг 1/8
✅ Момуналы Ыбыраймакунов, Кыргызстан
🤙 5:0
❌ Фатхи Боусса, Тунис
 


Амантур Жумаев:
 

54 кг 1/16
✅ Амантур Жумаев, Кыргызстан
🤙 2-раунд, ТКО
❌ Тине Жакомини, Словакия
 

54 кг 1/8
✅ Амантур Жумаев, Кыргызстан
🤙 1-раунд, ТКО
❌ Исаак Ринкон Кармона, Колумбия



Мухаммадазиз Закиров:
 

80 кг 1/32
✅ Мухаммадазиз Закиров, Кыргызстан
🤙 5:0
❌ Хавиер Мишелена, Венесуэла
 

80 кг 1/16
✅ Мухаммадазиз Закиров, Кыргызстан
🤙 1-раунд, ТКО
❌ Мартин Мойсеженко, Литва
 

80 кг кг 1/8
✅ Мухаммадазиз Закиров, Кыргызстан
🤙 1-раунд, ТКО
❌ Павел Задорожниуч, Молдова
 


Тыныстан Алыбаев:
 

92 кг 1/8
✅ Тыныстан Алыбаев, Кыргызстан
🤙 2-раунд, ТКО
❌ Мустапа Мухамметдурдыев, Түркмөнстан
 


Мырзакир Кошалиев:
 

92+ кг 1/8
✅ Мырзакир Кошалиев, Кыргызстан
🤙 5:0
❌ Асаф Поздер, Босния жана Герцеговина


 

Бүгүнкү беттештер:
 

54 кг 1/4
Амантур Жумаев, Кыргызстан
vs
Коуссай Даллаги, Тунис
 

92 кг 1/4
Тыныстан Алыбаев, Кыргызстан
vs
Звонимир Зирдум, Хорватия

 

✔Булак - iba.sport
 

Тектеш темалар