26 ноябрь 2024 07:58
Кыргызстандын көк бөрү боюнча лигалык оюндарында Жогорку лигада эми 12 команда туруктуу катышат. Бул чечим көк бөрү федерациясынын башкармалыгынын жыйынында кабыл алынды.
Федерациянын эксперти Каныбек Кубатов Жогорку лигадагы командалардын санын көбөйтүү атаандаштыктын күчөшүнө алып келерин, клубдардын өнүгүү тенденциясы жакшы жүрүп жатканын белгиледи. Ал 2017-жылы Жогорку лига 6 командага бөлүнгөндөн бери төмөнкү лигадагы командалардын өсүү темпи жакшырып, азыр Жогорку лиганын санын көбөйтүү убактысы келгенин кошумчалады.
Жыйындын катышуучулары Жогорку лигага командалар рейтинг боюнча кошулаарын талкуулап, лигалардын курамын аныкташты. Ошондой эле, чечим боюнча Экинчи лигага арыздарды кабыл алуу эркин жүргүзүлөт. Жаңы түзүлгөн командалар Экинчи лига аркылуу гана жогорку лигага көтөрүлүү укугун алышат.
Жогорку лига
Ынтымак
Сары-Өзөн
Достук
Намыс
Ийгилик
Талас
Мурас
Ысык-Ата
Кара-Кулжа
Алтын-Альянс
Улар
Ак-Илбирс
Биринчи лига
Жети-Аке
Ак-Суу
Казарман
Толук
Кара-Балта
Четинди
Бакай-Ата
Манас-1
Бийиктик
Бүркүт
Кара-Шоро
Шахтер
Экинчи лига
Ичке-Суу
Бапа-Барскоон
Ала-Арча
Чүй-Токмок
Талас шаары
Жети дубан-92
Асанбек-Ата
Кетмен-Төбө
Кара-Ой
Сары-Камыш
✔Булак - https://kokboru.net/