10 июль 2024 09:34
Молдовалык балбан - Виктор Чобану дүйнөлүк күрөш уюмуна (UWW) интервью берди:
“Албетте мен кичинекей, бирок көп салттары бар кооз өлкөмдүн атынан чыкканыма сыймыктанам. Өзүмдүн өлкөмдүн атынан чыкканыма аябай сыймыктанам. Мени командам, элим карап турат, мени менен сыймыктангандар да көп. Бирок биз ушуну менен токтобойбуз.
Албетте Токио Олимпиадасына катышканыма аябай кубанганмын. Ал жакка баруу мүмкүнчүлүгүн эл аралык мелдеште алганмын. Токиодо кандай болоорун мен билген эмесмин. Мен Олимпиададан кийин гана табиятын түшүндүм. Мен үчүн бул жаңы тажрыйба болчу.
Мурда биз бир, эки, көп болсо, үч жолдомо алчу элек, бирок Парижге биз беш жолдомо алып баратабыз. Мамлекетибиз үчүн бул жакшы жыйынтык. Кудайдын жардамы менен бул олимпиадада ийгиликтүү болобуз деп ишенем.
Мен дайым рискке барганды жакшы көрөм. Эстешимче, бала кезимден баштап жаңы нерселерди кылганды жакшы көрөм. Дал ошону күрөштө дагы кылам. Мен күрөшкө чыкканымда, эмне күтүп атканын билбейм.
Менин салмак категориям, менин атаандаштарым аябай күчтүү экенин билем. Ооба, Фумита тажрыйбалуу балбан, мени эки жолу жеңген, бирок мен андан үйрөнөм. Мен өзүмдүн категориямда эч бир балбандан коркпойм, такыр коркпойм. Мен менталдык жана психологиялык жактан да күчтүүмүн. Мен күрөшкөндү жакшы көрөм. Беттештерим кандай болоорун көрөлү. Мен кооз беттештерди, кооз күрөштү көрсөтө алганыма кубанычтамын. Өлкөмдүн атынан чыкканыма кубанычтамын, көп адам көрөт деген үмүттөмүн, мен үчүн бул маанилүү.
Мен айткандай эле, менин категориямда аябай күчтүү балбандар бар. Биз баарыбыз дүйнөнүн ар кайсы жактарынанбыз, бирок эң күчтүүлөрү - кыргыздар, орустар, азербайжандар, жапондор. Алар аябай жакшы күрөшөт. Мен күчтүү балбандарга каршы чыккандан коркпойм. Албетте мен, көңүл буруп даярданам, мээнет кылам, колумдан келгенин кылам. Азыр эми сабыр кылып күтөбүз, катуу даярданабыз жана ишенебиз. Мен өзүмө ишенем жана ишенүүнү улантам, себеби бул мен үчүн аябай маанилүү.”
Эске сала кетске, Виктор Чобану - 2021 дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасында Жоламан Шаршенбековду чейрек финалда жеңип алган. Азыркы учурда дүйнөлүк рейтингде 3-орунда (Жоламан 1-орунда).
✔Булак - www.uww.org