Рыза Каялп

Виктор Чобану 2-орун, Рыза Каялп медал албады. Поляк Имре: 3-күндүн жыйынтыгы

Author
Кыраан командасы

8 июнь 2024 18:40

Бүгүн Мажарстандын Будапешт шаарында "Поляк Имре & Варга Янош – 2024" рейтингдик мелдешинин 3-күнү аяктады. 130 кг салмактын чейрек финалында 6-жолку дүйнө чемпиону түркиялык Рыза Каялп ирандык жаш U20 дүйнө чемпионуна жеңилип калды. Финалда ирандык балбан Олимпиада Оюндарынын күмүш медалистин - грузиялык Якоби Кажаяны жеңип алды.

 

Кыз-келиндер күрөшү, командалык жыйынтык (27 өлкөнүн ичинен):

1-орун Украина 96 упай

2-орун Польша 85 упай

3-орун Мажарстан 70 упай

 

Кыз-келиндер күрөшү, бүгүнкү чемпиондор:

55 кг: Жовита Рзесиен (Польша)

62 кг: Ана Годинез Гонзалез (Канада)

65 кг: Ирина Бондар (Украина)

68 кг: Бусе Чавушоглу Тосун (Түркия)

76 кг: Татьяна Рентериа Рентериа (Колумбия)

 

Грек-рим күрөшү, бүгүнкү жыйынтык:

 

60 кг

🥇 Придон Абуладзе (Грузия)

🥈 Мехди Мохсен Нежад (Иран)

🥉 Амирреза Дехбозорги (Иран)

🥉 Дохюн Ким (Түштүк Корея)

 

63 кг

🥇 Мурад Маммадов (Азербайжан)

🥈 Виктор Чобану (Молдова)

🥉 Мейсам Далхани (Иран)

🥉 Раибер Родригез Орозко (Венесуэла)

 

130 кг

🥇 Фардин Шабан Хедаяти (Иран)

🥈 Якоби Кажая (Грузия)

🥉 Алин Алексуц Чиурариу (Румыния)

🥉 Дариус Аттила Витек (Мажарстан)

 

Эртең килем үстүнө Грек-рим күрөшү боюнча  55, 67, 72, 77, 82, 87, 97 кг салмак категорияларында медал топтомдору ойнотулат. Биздин курамадан бул мелдешке башка балбанадырыбыз катталган эмес.

 

✔Булак - uww.org