13 декабрь 2024 13:03
Бириккен Күрөш Уюму (UWW) Масаносуке Онону, Ирина Бондарьды жана Фардин Хедаятини 2024-жылы эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү боюнча жылдызы жанган балбандар деп атады.
Масаносуке Оно - Жапония
20 жаштагы Масаносуке Оно кеч сезондо U20 дүйнө чемпионатын жана чоңдор арасы дүйнө чемпионатын селдей каптап кирди.
Ал эл аралык аренага биринчи жолу быйыл март айында Ясар Догу мелдешинде чыгып, 61 кг салмактагы 28 балбандын ичинен алтын медалды жеңип алган. Андан кийин Бишкектеги Азия чемпионатында 65 кг салмакка көтөрүлдү. Бирок, биринчи беттешинде Монголиядан келген Тумур Очир Тулгага жеңилип калган. Ошентсе да, кайра килемге чыгып коло медалын утту.
Тумур Очирге болгон жеңилүүсүн артында калтырып, U20 дүйнө чемпионатында алтын медалды утту. Болгондо да төрт беттештин үчөөсүн мөөнөтүнөн эрте жеңди. Андан кийин Тиранадагы дүйнө чемпионаты болду, анда Масаносуке аутсайдер болчу.
Ал тез эле алтын медалды жеңип алууга фаворит болуп чыкты, анткени ал Токио Олимпиадасынын чемпиону Завур Угуевди 10-2 эсебинде жеңип алды. Андан кийин дагы төрт жеңишти кошуп, алтын медалды 12-0, 11-0, 12-0 жана 10-0 эсептеринде жеңди.
Учурда Яманаши Гакуин университетинин студенти болгон Масаносуке Оно, Тиранада күйөрмандарды өзүнүн активдүү күрөшү жана майрамдоолору менен таң калтырды. Көпчүлүк күйөрмандар Масаносуке килемге чыкканда отурган жеринде калышат, анткени Тиранада ал ар түрдүү чабуулдарды көрсөттү: бутка кирүүлөр, партер, чапкандары.
Ирина Бондарь - Украина
Бул жылы эң активдүү күрөшчүлөрдүн арасында Ирина Бондарь келечектеги жылдыз катары көрүнүп турат.
Ирина быйыл сегиз мелдешке катышып, алтысында алтын медаль утту. Жылдын башында Загреб Опенде сегизинчи орунду алды. Бул анын чоңдор арасындагы биринчи мелдеши болду, бирок андан кийин бардык жаш курактагы мелдештерде алтын медаль утуп, жемиштүү жыйынтыктарды көрсөтө баштады.
Ирина Бондарь U23 Европа чемпионатында жана Будапешт рейтингдик мелдешинде алтын медалдарын алып, андан кийин U20 Европа чемпионатында алтын медалды кошту. Андан кийин дүйнө чемпионатынын сезону келди. Ал 62 кг салмакта U20 дүйнө чемпионатынын алтын медалын утуп, бир айдан кийин U23 дүйнө чемпионатынын 62 кг салмактагы алтын медалын кошту.
Ал сезонду эң жогорку деңгээлде бүтүрмөк, бирок U23 мелдешинен бир нече күн өткөндөн кийин чоңдор арасындагы биринчи дүйнө чемпионатына катышты. 65 кг салмакта күрөшүп, жапониялык Мива Морикввага аз айырма менен утулуп калды.
Быйылкы төрт чемпионатта Ирина атаандаштарын 18 беттеште 155-25 эсебинде уткан. Тиранадагы жеңилүүдөн мурун, быйыл 24-0 жеңиш сериясында болгон.
Ирина Бондарь мелдештерге акивдүү катышып, мурда U20, U23 дүйнө чемпионаттарында медалдарды уткан, бирок күмүш жана коло медалдары болчу. Ал эми быйыл алтын медалдардын сериясы келди.
62 кг салмактагы көрүнүшү аны эки жолку Олимпиада медалынын ээси Ирина Коляденконун мураскери кылат, ал жакында Париж Олимпиадасында күмүш медалын уткан.
Фардин Хедаяти - Иран
Фардин Хедаяти жана анын жаш курактагы дүйнө титулдары тууралуу көп нерсе айтууга болот, бирок ал күрөш дүйнөсүн быйыл Будапештте таң калтырды.
Июлда Париж Олимпиадасына даярдануу катары кабыл алынган Будапешттеги рейтингдик мелдеште Фардин грек-рим 130 кг салмак категориясында дүйнө жана Олимпиада чемпиону Рыза Каялпты 4-0 эсебинде утуп, таң калтырды. Ал түркиялык легенданы алты мүнөттүк беттеште жеңип алып, карьерасындагы эң белгилүү жеңишин камсыз кылды.
Фардин Хедаяти көптөн бери Иран командасынын 130 кг салмагына талапкер болуп келген, бирок Олимпиаданын коло медалынын ээси Амин Мирзазаде дагы эле ордун сактап турат. Бирок быйыл Фардиндин бул орунга талапкерлигин дагы бекемдеди.
Бул жылды Загреб рейтинг сериясынан баштап, Фардин 130 кг салмакта Ласло Дарабос, Венхао Жианг, Оскар Пино Индс, Мантас Книстаутас жана Линчже Мэн менен болгон беттештерде жеңишке жетип, алтын медалдарды утту.
Андан кийин 2024 Вехби Эмре мелдеши болуп, анда ал Амин Мирзазаде менен Иран командасындагы орун үчүн күрөшүп, бул сезонундагы жалгыз жеңилүү ызаасын тартты. Ал тез эле калыбына келип, Будапешттеги рейтингдик мелдешинде алтын медалын жеңип алды. Фардин Хедаятинин стили анын Будапешттеги үч беттеште бир да упай бербегенинен көрүнөт, бул аны өтө активдүү күрөшчү кылат.
Бул жылды Тиранада биринчи U23 дүйнө чемпионатынын 130 кг алтын медалы менен жыйынтыктады. Фардиндин алтын сапары жаш курактагы күрөш боюнча эң чоң ысымдарды, мисалы, Павел Хлинчук, Михаил Вишневецкий, Хамза Бакир сыяктуу балбандарды жеңгендигин камтыйт.
Тек гана Вишневецкий, 2022-жылы U20 Дүйнө чемпионатында Фардин Хедаятини жеңип, упай ала алды. Бирок, ал беттеште да, ирандык эч кандай кыйынчылыкта болгондой көрүнгөн жок.
Фардиндин активдүү күрөшү атаандаштарына аны партерге алуу кыйынчылыгын жаратат, бул алардын упай топтоосун кыйындатат.
✔Булак - макаланын түп нускасы https://uww.org/article/ono-bondar-hedayati-named-uwws-rising-stars-2024