17 декабрь 2024 13:35
Бириккен Күрөш Уюму (UWW) 2024-жылдын эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жыл мыктыларын жарыялады. Бул наамдарды Гено Петриашвили, Нао Кусака жана Бусе Тосун алышты.
Эркин күрөш: Гено Петриашвили
30 жаштагы грузиялык спортчу жылды 68200 упайы менен жыйынтыктады. Ал бул упайларды Олимп Оюндары, Европа чемпионаты, Хорватия жана Венгрия рейтингдик мелдештерде чогулткан.
Гено быйылкы сезонду жакшы баштаган жок, Хорватиядагы мелдеште бешинчи орунду алып калган. Бул анын катары менен алтынчы толук сезону болду, башынан ийгиликке жетише албаганы менен кийинчирээк эң керектүү учурларда жеңиштерди багындырды.
Кийинки мелдешинде Гено Петриашвили үч жеңишке жетип, карьерасында жетинчи жолу Европа чемпионатынын финалына чыкты. Бирок Таха Агүлгө жеңилип, күмүш медалын алды.
Үч жолку дүйнө чемпиону богон Гено андан соң Париж Олимпиадасынын алдындагы акыркы даярдыкты көрүү үчүн Венгрияга барды. Экинчи рейтингдик мелдешинде үч жеңишке жетишти, бирок сол чыканагынан жаракат алып, жарым финалда Юсуп Батырмурзаевге утулуп калды.
Гено Петриашвили Парижге 2020 Токио Олимпиадасынын күмүш медалын жакшыртуу максатында барды. Эки баланын атасы болгон балбан төрт жеңишке жетишип, эки жолку дүйнө чемпиону Амир Хосейн Зарени 10-9 эсебинде утуп, Грузиянын үчүнчү эркин күрөш боюнча Олимпиада чемпиону болду.
Грек-рим күрөшү: Нао Кусака
23 жаштагы Нао Кусака 79200 упай менен грек-рим багытында мыкты болду. Ал сезон башында Хорватия рейтингдик мелдешинде коло медалын утуп, Азия чемпиону, Венгрия рейтингдик мелдешинини чемпиону жана Олимпиада чемпиону аталды.
Жылдын алгачкы мелдешинде жарым финалда утулгандан кийин, Нао Кусака катары менен 14 жеңишке жетти. Бул жеңиштеринин төртөөсү мурдагы дүйнө чемпиондору Бурхан Акбудак, Ибрахим Махмуд Ганем, Малхас Амоян жана Акжол Махмудовду жеңүү менен коштолду.
Наонун Париждеги 77 кг салмактагы жеңиши жана анын мекендеши Кеничиро Фумитанын алтын медалы Жапониянын грек-рим боюнча 40 жылдык олимпиадалык алтын медалдан кур калгандыгын токтотту.
Кыз-келиндер күрөшү: Бусе Тосун
Бусе Тосун 60200 упай менен кыз-келиндер күрөшүндө лидер болду. Ал бул сыйлыкты 200 упай айырма менен Сакура Мотокиден жеңип алды.
68 кг салмактагы дүйнө чемпиону болгон Бусе 2024-жылды 11-2 эсебинде жыйынтыктады. Бул сезондогу 11 жеңишинин сегизи дүйнөлүк рейтингде эң мыкты 15 балбандын катарына киргендерге каршы болду.
Бусе сезон башында Фенг Чжоуго утулуп калса да, калган 12 беттештин 11инде жеңүүчү болду, Париж Олимпиадасында мелдешти жеңген Эмит Элорго гана утулуп, Түркиянын тарыхында экинчи гана Олимп медалы бар балбан кыз болду.
Бириккен Күрөш Уюму Генону, Наону жана Бусени быйылкы албан жетишкендиктери жана жыл мыктылары болгону менен куттуктайт.
✔Булак - макаланын түп нускасы https://uww.org/article/uwws-2024-wrestlers-year-petriashvili-tosun-kusaka