Ырыскелди Максат уулу

Аналитика: U23 Дүйнө Чемпионаты, грек-рим күрөшү 87 кг

Author
Кыраан командасы

16 октябрь 2024 15:50

21-27-октябрда Албаниянын Тирана шаарында эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү боюнча U23 Дүйнө Чемпионаты өтөт. Биздин балбандарыбыз да катышат. Элге таанылып калган Асан Жанышовдун салмагында атаандаштык жогорку деңгээлде болот. Келе жаткан мелдештин ошол категориясын талдап көрөлү.

 

87kg GR - Asan Kurbanovich Zhanyshov (KGZ) 6290-X3.jpg


87 кг салмактагы биздин балбаныбыз Асан Жанышов быйылкы жылдын январь айында Кыргызстан чемпиону аталып, Азия квалификациялык мелдеште Олимпиадага жолдомо үчүн күрөшкөн. Анда ирандык Мохмадипианиге 3:6 эсебинде жеңилип, жолдомого 1 кадам жетпей калган. Кийинчирээк Мохмадипиани быйылкы Олимп Оюндарында күмүш медалын жеңген. Асан Жанышов болсо, U23 Азия чемпиону, U20 Дүйнө чемпиону аталды. Балбаныбыз 19 жашта.

 

Турпал

 

Париж медалисттеринен бир эле спортчу бул мелдешке катталган. Ал грек-рим күрөшүнүн 87 кг балбаны, 23 жаштагы даниялык Турпал Бисултанов. Улуту - чечен. Турпал чоңдор арасы Европа чемпиону, 2022 Дүйнө Чемпионатынын күмүш медалынын ээси. Парижде чемпионго гана жеңилип, коло медалын багындырган.

 

Ошондой эле Париж олимпиадасынын дагы бир катышуучусу, АКШлык Пейтон Джейкобсон да бул категорияда күрөшөт.


Былтыркы 82 кг салмактагы U23 Дүйнө чемпиону, орусиялык Ауэс Гонибов да бул мелдешке катталган. Ауэс быйылдан баштап 87 кг салмакка көтөрүлгөн, келе жаткан мелдеште да 87 кг салмакта күрөшөт. Ал ошондой эле 2023 Дүйнө чемпионатында коло медалына жеткен.

 

Ал эми 2022-жылы 82 кг салмакта U23 Дүйнө чемпиону аталган норвегиялык Мукубу 87 кг салмакта эки жылдан бери күрөшөт. Бул мелдеште да Асандын категориясында күч сынашат.

 

2023 U20 Дүйнө чемпиону, грузиялык Ачико Болквадзе, 2022 U20 Дүйнө чемпиону, армениялык Виген Назарян, 2021 U20 Дүйнө чемпиону, нидерланддык Марсел Стеркенбёрг да бул мелдешке 87 кг салмак категориясына катышат.  

 

Белгилей кетчү нерсе, Ачико Болквадзе Асан Жанышовду былтыр утуп алган. Бирок андан кийин Асан эки жолу реванш алганы жетишкен.

 

Асан чапканы

 

2024 U23 Дүйнө Чемпионатынын грек-рим күрөш бөлүгүндөгү 87 кг салмакта 23 жашка чейинки дүйнөнүн эң күчтүү балбандарынын дээрлик баары катталган. Арасында Париж медалисти, Париж катышуучусу жана ар кандай жаш категориялардагы 5 дүйнө чемпиону бар. Ошол алптардын жарышында биздин жаш балбан Асан Жанышов өзүн жана Кыргызстанды жогорку деңгээлде көрсөтө алат деген ишеничтебиз.

 

✔Булак - uww.org, wikipedia.org
 

Тектеш темалар