23 январь 2025 07:18
Ушул айдын башында дүйнөдөгү эң ири уюмудардын бир болгон ONE Championship-тин 71 кг салмактагы чемпионун Акбар Абдуллаев ишенимдүү жеңип алган. Бирок салмак лимитине туура келбей калганы үчүн чемпиондук кур ыйгарылган эмес. Курду албаганы менен деңгээли чемпиондук даражада экендигин көрсөттү. Эми биз бардык беттештерин мөөнөтүнөн эрте жеңген Акбардын карьерасын жана стилин талдап көрөлү.
Акбар Абдуллаев азыр 27 жашта, бою 175 см, рекорду 12–0, 12 жеңиштен 11 нокаут/техникалык нокаут жана 1 сабмишн. 9 беттешин биринчи раундда эле жеңген.
Азыркы учурдагы fightmatrix.com сайтынын 71 кг салмагынын рейтингинде Акбар 288 упайы менен Кыргызстанда 1-орунда, Азияда 1-орунда, дүйнөдө 28-орунда турат.
Акбар кикбоксчу стилинде беттештерин өткөрөт. Аралыкты өтө жакшы сезет, аны жеб жана фронт-кик соккулары менен контролдоп турат. Корпуска да көп урат. Эки колунда тең кубаты бар. Алдынкы сол колу менен хук жеткирип нокаут же нокдаун кылган учурлары арбын. Буту менен да, колу менен да түрдүү түрдүү соккуларды өздөштүргөн: бэкфисттер, айланып тебүүлөр, уширалар жана башкалар. Ар кайсы соккулар менен нокаут, нокдаун кылгандары бар. Алардын таамайдыгы өтө жогору.
Акыркы беттештеринде күрөштү да мыкты деңгээлде өздөштүргөнүн көрсөттү. Клинчте өзүн эркин сезет, көбүрөөк контролдой алат же тейкдаун жасай алат. Сокку серияларын бутка кирип жыгытуу менен аяктай алат. Грэпплингде да позицияларды жакшы кармай алат же өзүнө ыңгайлуу кылып алмаштыра алат.
Өзүнүн тейкдаундардан коргонуусу жакшы. Коргонуп жатып, атаандашынын үстүндө отуруп калган учурлар болгон. Жыгылып калса да, тез эле туруп кетет.
Атаандашына өзү басым кылып, соккуларды бир-экиден тез-тез ыргытып турат. Эгерде атаандашы чайкала кеткенин байкаса, дароо жарылып өтө көп сокку жеткирип, нокаут же техникалык нокаут кылганы аракет кылат. Ошентип бир нече беттеши аяктаган. Акыркы беттештеринде күрөштү да көп колдоно баштады. Партерде көп урат. Танг Кайды партерде граун-энд-паунд менен жеңген.
Каарманыбыз кесипкөй карьерасын 2020-жылы баштаган. Алгачкы 2 беттешин FFC уюмунда өткөрүп, экөөндө тең 1-раундда нокаут менен жеңип алган. Үчүнчү беттешин WEF Selection мелдешинде айланып тээп атаандашын нокаут кылган. Андан кийин бир жыл өткөндө RCC уюмуна чыгып, күчтүү атаандашын биринчи раундда нокаут кылган. Үч айдан кийин ошол эле уюмда үчүнчү раундда ТКО менен жеңишке жеткен.
Андан көп өтпөй, 2022-жылдын ноябрь айында Акбар Абдуллаев WEF Selection гран присине катышып, бир күндө үч беттеш өткөрүп, үчөөнү тең биринчи раундда жеңип алган. Ошондо азыркы учурдагы карьерасындагы жалгыз сабмишн аркылуу жеңишин камсыздаган. Андан кийин 8-0 рекорду менен ONE уюму менен келишим түзгөн.
Каарманыбыз ONE уюмунун эшигин тээп кирген, алгачкы эле беттеште түштүк кореялык мушкерди 44 секундда нокаут кылган. Андан кийинки беттешинде эквадордук жеңилбес мушкерди 41 секундда нокаут кылган. Үчүнчү беттешинде түркиялык жеңилбес мушкерди экинчи раундда нокаут кылган. Алгачкы үч беттеште тең Акбар бонус алган.
Акыркы беттеште 71 кг салмагынын чемпиону болгон Танг Кайды туруу абалынан да, партерден да талкалап, 5-раундда ТКО менен жеңишти камсыздады. Ушуну менен каарманыбыз деңгээли чынында эле чемпиондук даражада экендигин көрсөттү.
Негизи Акбардын беттештен беттешке өсүп жатканын көрсөк болот. Дагы да албан-албан ийгиликтерди багынтып, кыргызды дүйнөгө даңазалайт деген ишеничтебиз.
✔Булак - kyraan.kg, youtube