Токио Гран Слам 2024

Токио Гран Слам 2024 башталды! Мелдештин жүрүшү

Author
Кыраан командасы

6 декабрь 2024 21:13

Бүгүн, 7-декабрда Жапониянын борбор калаасында Токио Гран Слам мелдеши башталат. Бул дзюдо боюнча жылдын эң акыркы ири мелдеши болот. Токио Гран Слам мелдешине башкаларга салыштырмалуу өзгөчө көңүл бурулат, атаандаштык жогору болот жана жапон дзюдочулары көп катышат. Токиодо 44 мамлекеттен 274 дзюдочу күч сынашат. Анын ичинде биздин да 4 дзюдочубуз бар. Медалдар кадимкидей эле эркектер арасы 7 топтом, кыз-келиндер арасы 7 топтом болуп ойнотулат
 

Мелдештин жүрүшү:
07.12.2024 - эркектер -60, -66, -73 жана кыз-келиндер -48, -52, -57, -63
08.12.2024 - эркектер -81, -90, -100, +100 жана кыз-келиндер -70, -78, +78

 

Курамыбыз:
Муса Шабданбеков, -73 кг
Ратбек Жуманазаров, -81 кг
Чынгызхан Сагыналиев, -81 кг
Анарбек Ишенбаев, -90 кг

 

Эркин Ибрагимов - бакшы машыктыруучу

 

Маалымат
Дзюдо Гран Слам – бул Эл аралык Дзюдо Федерациясы (IJF) тарабынан уюштурулган эл аралык дзюдо мелдештеринин сериясы. Бул мелдештер дүйнөнүн булуң-бурчунан мыкты дзюдочуларын чогултат. Гран Слам мелдештери жыл бою ар кандай жерлерде өткөрүлүп, жогорку рейтингдик упайларды, акчалай сыйлыктарды жана аброй алып келет. Алар спортчулар үчүн Дүйнөлүк чемпионаттарга жана Олимпиада Оюндарына квалификация алуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт. Гран Слам мелдештеринде континенттик чемпионаттарынан көбүрөөк упай берилет, демек маанилүүрөөк деп айтсак болот.

 

✔Булак - Кыргыз Дзюдо Федерациясы, ijf.org