immaf worlds

Ташкентте ышкыбоздор арасы IMMAF Дүйнө Чемпионаты өтүүдө

Author
Кыраан командасы

6 ноябрь 2024 11:57

IMMAF - бул ышкыбоздор ММАсын көзөмөлдөгөн эң ири уюм. UFC жана Brave тарабынан таанылган, келишимдери бар. Тилекке каршы, Кыргызстан IMMAF менен тыгыз иштешпейт жана мелдештерине сейрек катышат.
 

Уюмдун быйылкы чоңдор жана жаштар арасы Дүйнө Чемпионаты Өзбекстандын борбор калаасында өтүүдө. Мелдеш 5-ноябрда башталган, 10-ноябрда жыйынтыкталат. Ташкентке 66 өлкөдөн мушкерлер барып, 40 медал топтому үчүн күч сынашууда. Кыргызстандан бир нече мушкерибиз эле барган, алар жаштардын жарышына катышууда.
 

Мелдештин жүрүшү:
05.11.2024 - 1/16 баскычы
06.11.2024 - 1/8 баскычы
07.11.2024 - чейрек финалдар
08.11.2024 - жарым финалдар
09.11.2024 - жаштар финалдары
10.11.2024 - чоңдор финалдары


✔Булак - https://immaf.smoothcomp.com/en/event/18378

Тектеш темалар