Таластагы мелдеш

Таласта облустун 80 жылдыгына арналган көк бөрү мелдеши болуп өттү

Author
Кыраан командасы

16 октябрь 2024 16:58

Талас облусунун 80 жылдыгына арналган улуттук ат оюндары, көк бөрү боюнча райондор аралык мелдеш 9-11-октябрь аралыгында Таластагы Райкан Алканов ат майданында болуп өттү. Жалпысынан 10 команда: Талас району-1, Сузак району (Шахтёр), Сокулук району, Жайыл району, Талас шаары, Талас району-2, Чүй-Токмок, Айтматов району, Бакай-Ата району, Манас району командалары аттанышты.
 

А тайпасы: Талас-1, Сузак-Шахтёр, Сокулук району
 

В тайпасы: Жайыл, Талас шаары, Талас району-2
 

С тайпасы: Чүй-Токмок, Айтматов, Манас району

 

Талас району финалда Айтматов районун 7:4 эсебинде утуп, Талас облусунун 80 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча турнирдин баш байгесин жеңип алды. Ал эми Талас районунун экинчи командасы Чүй-Токмокту 5:3 эсебинде жеңип 3-орунду ээледи.

Мелдештин  мыкты оюнчусу аталып: Эрсултан Айдаркан уулу белгиленди, ал эми мыкты аргымак: Айтматов районунун оюнчусу Айдаркан Анарбеков минген Точка аталды.
 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан Таластан чыккан көк бөрүчүлөргө Талас облусунун ардактуу атуулу деген наам ыйгарылды.


✔Булак - https://kokboru.net/