Сыймык Махмедов

Сыймык Махмедов грэпплинг боюнча UWW Дүйнө Чемпионатында НоГи түрүндө күмүш медалына ээ болду. Чоңдор арасы НоГи жыйынтыктары

Author
Кыраан командасы

11 октябрь 2024 17:13

Казакстандын Астана шаарында UWW (Бириккен Күрөш Уюму) тарабынан грэпплинг боюнча Дүйнө Чемпионаты өтүүдө. Мелдеш 7-октябрда башталган, 12-октябрда жыйынтыкталат. Жарыштар бир канча жаш категорияда жана грэпплингдин Ги менен НоГи түрлөрүндө өтүүдө. Биздин курамыбыз жана мелдештин жүрүшү сайтта көрсөтүлгөн.
 

U15, U17, U20 бөлүктөрдө балбандарыбыз 6 алтын алышкан. Бүгүн чоңдор арасы НоГи бөлүгү болуп өттү, натыйжада бир спортчубуз медалга кол жеткирди. Эртең чоңдор арасы Ги бөлүгү өтүп, мелдеш жыйынтыкталат.
 

Чоңдор НоГи жеңүүчүлөрүбүз:
🥈 Сыймык Махмедов, эркектер НоГи 66 кг
 

Орусия, Беларустан келген спортчулар бейтарап атлет катары катталып, командалык жыйынтыкта эсепке алынган эмес.
 

Чоңдор эркектер НоГи командалык жыйынтык (25 өлкөнүн ичинен):
1) Казакстан - 🥇x 0, 🥈 x 0, 🥉 x 4 | 84 упай
2) АКШ - 🥇x 0, 🥈 x 2, 🥉 x 1 | 75 упай
3) Польша - 🥇x 0, 🥈 x 1, 🥉 x 2 | 70 упай
7) Кыргызстан - 🥇x 0, 🥈 x 1, 🥉 x 0 | 44 упай
 

Чоңдор кыз-келиндер НоГи командалык жыйынтык (14 өлкөнүн ичинен):
1) АКШ - 🥇x 2, 🥈 x 0, 🥉 x 1 | 85 упай
2) Польша - 🥇x 0, 🥈 x 1, 🥉 x 2 | 56 упай
3) Испания - 🥇x 1, 🥈 x 0, 🥉 x 1 | 46 упай
12) Кыргызстан - 🥇x 0, 🥈 x 0, 🥉 x 0 | 0 упай
 

✔Булак - https://uww.org/event/senior-u20-u17-u15-veteran-world-grappling-championships/results

Тектеш темалар