Ризабек Айтумхан

Ризабек Айтмухан - чемпион, түркмөн балбаны да чемпион болду, биздикилерде колого мүмкүнчүлүк бар. U20 Дүйнө Чемпионаты, 6-күн, эркин күрөш

Author
Кыраан командасы

7 сентябрь 2024 18:34

Бүгүн Испаниянын Понтеведра шаарында грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча U20 Дүйнө Чемпионатынын 6-күнү аяктады. Бул чемпионат эртең аягына чыгат. Понтеведрага 59 өлкөдөн 700гө жакын балбан ат салышкан. Алар үч түрдөн жалпысынан 30 медал топтому үчүн күрөшүп жатышат.

 

Грек-рим бөлүгү биз үчүн 1 алтын, 1 коло медалы менен аяктаган болсо, кыз-келиндерибиз тилекке каршы медалга жетпей калышкан. Бүгүн эркин күрөштүн экинчи күнү бүттү, жыйынтыгында үч балбаныбызда коло алганы мүмкүнчүлүк калды. Алар эртең жубатуучу беттештерди өткөрөт.

 


Бүгүнкү жыйынтык:

 

97 кг жубатуучу беттеш
❌ Айтеңир Максатбеков, Кыргызстан
🤙 0:3
✅ Рифат Гыдак, Түркия

 

61 кг 1/16
❌ Азат Шаршеналиев, Кыргызстан
🤙 1:6
✅ Андрей Мидловец, Бейтарап Атлеттер

 

74 кг 1/16
❌ Байтемир Түлөбердиев, Кыргызстан (жубатуучу беттеш өткөрөт)
🤙 2:10
✅ Ладарион Локет, АКШ (финалга чыкты)

 

86 кг 1/16
✅ Ахмат Жаппуев, Кыргызстан
🤙 9:6
❌ Рохит Бал, Канада

 

86 кг 1/8
❌ Ахмат Жаппуев, Кыргызстан (жубатуучу беттеш өткөрөт)
🤙 0:12
✅ Ибрагим Кадиев, Бейтарап Атлеттер (финалга чыкты)

 

92 кг 1/8
❌ Яков Чаплин, Кыргызстан (жубатуучу беттеш өткөрөт)
🤙 1:1
✅ Сали Салиев, Болгария (финалга чыкты)

 


Бүгүнкү финалдар:

 

57 кг финал
✅ Люк Лилледал, АКШ
🤙 2:1
❌ Лев Павлов, Бейтарап Атлеттер

 

65 кг финал
✅ Али Махмуд Хоррамдел, Иран
🤙 10:2
❌ Макото Хосокава, Жапония

 

70 кг финал
✅ Рйоя Ямашита, Жапония
🤙 6:0
❌ Магомед Байтукаев, Бейтарап Атлеттер

 

79 кг финал
✅ Алп Арслан Бегенжов, Түркмөнстан
🤙 5:0
❌ Закари Райдер, АКШ

 

97 кг финал
✅ Ризабек Айтмухан, Казакстан
🤙 10:0
❌ Хетаг Карсанов, Азербайжан

 


✔Булак - uww.org