29 сентябрь 2024 07:13
Кечээ Франциянын Париж шаарында UFC Fight Night: Moicano vs Saint Denis мелдеши болуп өттү. Кеченин башкы беттешинде 71 кг салмактын UFC #11 мушкери Ренато Мойкано #12 мушкери Бенуа Сен-Дени менен кездешти. Биздин UFC мушкерибиз - Мыктыбек Оролбай уулу дал ушул салмакта беттешет, азырынча рейтингге кире элек.
Мойкано 1-раунддун башында эле беттешти партер абалына өткөрүп, ыңгайлуу позицияны алып алгандан кийин оор соккуларды узатып баштады. 1-раунддун аягына чейин граунд-энд-паунд кылып, Бенуаны кан жалатып койду. 2-раундда Сен-Дени күрөштөн коргоно алды, раунд туруу абалында эле өттү, бир канча сокку алмашуулар болду, бирок анык үстөмдүктү эч ким көрсөтө алган жок. 2-раунд бүткөндөн кийин Сен-Денинин бир көзү толук жабылып, кашы жарылып, көп зарар алып калгандыгынан дарыгер беттешти улантпоого сунуш берди. Ошентип, Ренато Мойкано андердог болгонуна карабай Бенуа Сен-Денини 2-раундда ТКО менен жеңип алды.
Мелдештин жыйынтыгында 4 мушкерге бонус берилди.
71 кг
✅ #11 Ренато Мойкано (22-5-1), Бразилия
🤙 2-раунд, ТКО
❌ #12 Бенуа Сен-Дени (13-3), Франция
84 кг
✅ #4 Насурдин Имавов (15-4), Франция
🤙 бирдей чечим
❌ #8 Брендан Аллен (24-6), АКШ
66 кг
✅ Уильям Гомис (15-4), Франция
🤙 тартыш чечим
❌ Жоандерснон Бриту (24-6), Бразилия
77 кг
✅ Брайан Бэттл (12-2), АКШ (кеченин мыктысы)
🤙 2-раунд, ТКО
❌ Кевин Жуссе (10-3), Франция
66 кг
✅ Морган Шаррьер (20-10-1), Франция (кеченин мыктысы)
🤙 2-раунд, нокаут
❌ Габриэл Миранда (17-7), Бразилия
71 кг
✅ Фарес Зиам (16-4), Франция (кеченин мыктысы)
🤙 3-раунд, нокаут
❌ Мэтт Фревола (11-5-1), АКШ
93 кг
✅ Ион Куцелаба (18-10-1), Молдова
🤙 тартыш чечим
❌ Иван Эрслан (14-4), Хорватия
93 кг
✅ Умар Си (11-0), Франция
🤙 бирдей чечим
❌ Чон Да Ун (15-6-1), Түштүк Корея
71 кг
✅ Людовит Клейн (23-4-1), Словакия
🤙 бирдей чечим
❌ Рузвельт Робертс (12-6), АКШ
61 кг
✅ Тейлор Лапилус (21-4), Франция
🤙 бирдей чечим
❌ Винсент Моралес (16-8), АКШ
61 кг кыз-келиндер
✅ Айлин Перес (11-2), Аргентина
🤙 1-раунд, сабмишн
❌ Дарья Железнякова (9-2), Орусия
57 кг
✅ Дэниел Барес (17-6), Испания
🤙 бирдей чечим
❌ Виктор Альтамирано (12-5), Мексика
61 кг кыз-келиндер
✅ Жаклин Кавальканти (8-1), Португалия
🤙 тартыш чечим
❌ Нора Корноль (8-2), Франция
71 кг
✅ Крис Дункан (12-2), Улуу Британия (кеченин мыктысы)
🤙 1-раунд сабмишн
❌ Боладжи Оки (9-2), Бельгия
✔Булак - https://www.ufc.com/event/ufc-fight-night-september-28-2024 , https://www.google.com/