Алмаз Тайырбек Алибек

Поляк Имре: 1-күнү 3 медал, эркин күрөш

Author
Кыраан командасы

6 июнь 2024 18:43

Бүгүн Мажарстандын Будапешт шаарында "Поляк Имре & Варга Янош – 2024" рейтингдик мелдеши башталды. Бул быйылкы Олимпиада Оюндарына чейин эң чоң күрөш болуп эсептелинет. Алгачкы күнү эркин күрөш боюнча 57-61-65-70-79-97-125 кг салмак категорияларында балбандар күч сынашты.

 

Биздин курама командабыз бүгүн 3 медал багындырды:

 

🥈 Тайырбек Жумашбек уулу, 61 кг

🥉 Алибек Осмонов, 70 кг

🥉 Алмаз Сманбеков, 97 кг

 

Бүгүнкү чемпиондор:

57 кг: Рэй Хигучи (Жапон)

61 кг: Арсен Арутюнян (Армения)

65 кг: Котаро Кийоока (Жапон)

70 кг: Арман Андреасян (Армения)

79 кг: Отари Багаури (Грузия)

97 кг: Алишер Ергали (Казакстан)

125 кг: Мэйсон Пэррис (АКШ)

 

61 кг финал

✅Арсен Арутюнян, Армения

🤙4:1

Тайырбек Жумашбек уулу, Кыргызстан

 

61 кг 1/2

Тайырбек Жумашбек уулу, Кыргызстан 

🤙10:1 

❌Нашорн Аарон Гаррет, АКШ

 

 

61 кг 1/4

Тайырбек Жумашбек уулу, Кыргызстан

🤙12:1 

❌Гамал Абдельнасир Мохамед, Египет

 

 

70 кг колого 

Алибек Осмонов, Кыргызстан

🤙3:3 

❌Эдеми Болквадзе, Грузия

 

70 кг 1/4

Вазген Теванян, Армения

🤙11:0

Алибек Осмонов, Кыргызстан

 

 

57 кг колого

Алмаз Сманбеков, Кыргызстан

🤙0:0 

❌Алиаббас Рзазаде, Азербайжан

 

57 кг 1/4

✅Рэй Хигучи, Япония

🤙11:0

Алмаз Сманбеков, Кыргызстан

 

Эртең килем үстүнө эркин күрөш боюнча 74-86-92 кг жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 50-53-57-59-72 кг салмак категорияларында медал топтомдору ойнотулат. Бизден чыкчу балбандар:

 

Орозобек Токтомамбетов, 74 кг

 

✔Булак - uww.org