25 август 2024 17:00
19.08.2024 Иорданиянын Амман шаарында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча U17 Дүйнө Чемпионаты башталып, бүгүн аягына чыкты. Акыркы эки күн эркин күрөш бөлүмү болгон, кечээ жаш балбандарыбыз эки алтын алса, бүгүн бир алтын бир коло алышты.
Эркин күрөш, командалык жыйынтык (38 өлкөнүн ичинен):
1-орун АКШ 152 упай
2-орун Иран 132 упай
3-орун Кыргызстан 104 упай
Эркин күрөш, жеңүүчүлөрүбүз:
🥇 Курстанбек Исаков, 55 кг
🥇 Рустамжан Кахаров, 65 кг
🥇 Өмүрбек Асан уулу, 60 кг
🥉 Марлен Абдраимов, 51 кг
✔Булак - uww.org