Дооронбек менен Рыспек

“Олимпиаданы же дүйнө чемпионатын жеңип атсам, сүйүнүп кубанам ошондо”

Author
Кыраан командасы

25 декабрь 2024 13:38

Рыспек Бектенов менен маек. Ал бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, эки жолку Кыргызстан чемпиону, жакында Тайландда өткөн Азия чемпионатынын коло медалынын ээси. Аламүдүн районунун Горная Маевка айылынын кулуну, салмак категориясы - 60 кг.

 

- Рыспек, коло медалың менен куттуктаймын! Кайсы жерде, кимдин колунда машыккансың?

 

- Боксту айылда атам менен сеанстарды өткөрүү менен баштаганмын. Спорт мектебине өткөндөн кийин Айбек Байсаяковдун колунда бокс менен астейдил машыгып баштадым. Дене тарбия жана спорт академиясында окуп жатканда маркум Адылкан Бекболотовдун колунда Ак Барс залында машыгып жүрдүм. Ошол агай стилимди өзгөртүп, тууралап, чоң салым кошкон. Азыркы учурда Ак Барс залында Аман Автандил уулунун колунда машыгам. Курама команданын мүчөсү катары Данияр агайдын жетекчилигинде машыгуу жыйындарга катышып турам.

 

- Керек болсо, 1-номер болуп, агрессивдүү иштеп, болбосо, 2-номер болуп, коргонуп, контр чабуулдарга иштеп коет экенсиң.

 

- Атаандашка жараша болот. Эл аралык мелдештерде азыр көбүнчө артка качып иштеп жатышат. Ошон үчүн ал жакта басым менен аракет кылып, жан талашып бокстошуш керек.

 

- Сенин колдоочуларың көп экен, Кыргызстан чемпионатына көп келишти, Азия чемпионатынан кийин ат мингизишти.

 

- Бокс жамааты бар бизде. Өзүбүздүн эле байкелер, убагында чогуу машыккандар көбү келишет. Баары менен аябай жакшы мамиледемин. Акыркы жетишкендигимден кийин айыл тургундары акча чогултуп, мага ат алып беришити, жакшы тосуп алышты.

 

-  Физикалык формаң жакшы экен, булчуңдарың чыгып турат. Бокско, диетага олутту мамиле кыласың окшойт.

 

- Бул биздин жумуш да. Менде бала кезимден бери ушул. Бокс, бокс деп эле, башка эч нерсени билбей калдым да. Азыр да мелдештерде жакшы акчалай сыйлыктар коюлуп жатат. Ошол да бир четинен стимул, жакшы жыйынтык болсо, жашоого кереги тийип кетет.

 

- Кесипкөй бокско пландар барбы?

 

- Мен чыкканмын негизи, эки жолу. Boxrec сайтына кирген эмес, коммерциялык 6 раунддук беттештер эле. Биринчисинде казак боксчусуна Алматыда калыстардын чечими менен жеңилип калганмын. Экинчисинде Владивостокто якутиялык боксчуну 4-раундда ТКО менен жеңип алганмын. Жаккан аябай кесипкөй бокс беттештери. Ниеттер бар дагы, жаңылык болсо, угасыздар.

 

- Беттеш учурунда бурчуңдагылар жакшы кеңештерди айтып турду, ошолор угулабы?

 

- Ооба угулат. Айрыкча өзүңдүкү окшошпой жатса, бурчуңдагы агайды эле угуп каласың. Данияр агай, Акыйкат агайлардын тажрыйбасы жакшы, көп боксчуларды чыгарышкан, жакшы билишет.

 

- Атаандаштарыңды изилдейсиңби, кандай беттешет, стили кандай?

 

- Ооба, өзүм да кийинки айлампада чыга тургандын беттешин карап, байкап коем. Агайлар да карашат. Аман агайым аты-жөнүн сурайт. Айтсам, өзү карап, изилдеп чыгып мага айтып берет. Андай экен, мындай экен дейт, план коет беттешке.

 

- Беттештен кийин эмоцияңды көп билдирбейт экенсиң.

 

- Ооба, көп эмоционалдуу болгум келе бербейт. Андай деле чоң жеңиштерге жете элекмин. Олимпиаданы же дүйнө чемпионатын жеңип атсам, сүйүнүп кубанам ошондо.

 

- Эң жаккан үч боксчу?

- Роберто Дюран, Дмитрий Бивол жана өзүм:)

 

- Усик жеңеби же Фьюриби? (Маек беттешке чейин болгон)

 

- Усик кайра эле утуп алат го дейм, ылдамдыгы жогору да оор салмакка.

 

- Кайсы боксчу менен иштеп көргүң келет эле?

 

- Кичинемде Мэнни Пакьяонун беттештерин, машыгууларын аябай көп көрчүмүн. Ошол боксчу менен иштеп көргүм келет эле.

 

✔Булак - www.kyraan.kg
 

Тектеш темалар