IBJJF ноги жиу-житсу

Лас-Вегаста IBJJF ноги жиу-житсу дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды

Author
Кыраан командасы

15 декабрь 2024 13:48

12-14-декабрда АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында 2024 IBJJF НоГи дүйнө чемпионаты болуп өттү. Жарыштар 10 жаш категориясында, ар биринде 4 кур категориясында, анын ичинде салмак категориялар боюнча өттү. Демек эркектер жана кыз-келиндер арасы болжолу менен 500дөн ашык медал топтому ойнотулду. IBJJF мелдештеринде спортчулар өлкөсүнүн атынан эмес командасынын атынан чыгат.

 

 

Ал чемпионатта бир мекендешибиз медалга кол жеткире алды.

 

Биздин жеңүүчүлөр
Мастерс 1 / эркектер / кызгылт көк (пурпурный) кур / 73.5 кг
Тынчтык Мамасадыков, 10th planet Jiu Jitsu

 

Негизги болуп саналган чоңдор категориясынын эркектер арасы кара курларынын чемпиондору төмөндө.

 

55.5 кг: Эвертон Селио де Соуза, Atos Jiu-Jitsu
61.5 кг: Закари Каима'алили, AOJ
67.5 кг: Коул Энтони Абате, AOJ
73.5 кг: Лукас Сетте, Gracie Barra
79.5 кг: Александр Хоаким, Esporte Dez / Instituto Calasans Camargo
85.5 кг: Валлисон Оливейра Соуза, Atos Jiu-Jitsu
91.5 кг: Кассио Фелипе Соуза, Six Blades Jiu-Jitsu
97.5 кг: Маркос Карроззино, GF Team
+97.5 кг: Лукас Валентим, Ground Control
Абсолют: Элдер Александр Круз, Chekmat

 

✔Булак - ibjjf.org
 

Тектеш темалар