АКШлык балбан кыз

Кыз-келиндер күрөшүндөгү топ өлкөлөрдүн тең тайлашы. U20 Дүйнө Чемпионатынын 4-күнүнүн жыйынтыгы

Author
Кыраан командасы

5 сентябрь 2024 19:20

Бүгүн Испаниянын Понтеведра шаарында грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча U20 Дүйнө Чемпионатынын 4-күнү аяктады. Бул чемпионат 8-сентябрда аягына чыгат. Понтеведрага 59 өлкөдөн 700гө жакын балбан ат салышкан. Алар үч түрдөн жалпысынан 30 медал топтому үчүн күрөшөт.

 

Грек-рим бөлүгү биз үчүн 1 алтын, 1 коло медалы менен аяктаган болчу. Кыз-келиндерибиз тилекке каршы медалга жетпей калышты. Азыркы учурда Индия, АКШ, Жапон, Түркия, Кытай бир-биринен аз айырмачылыгы менен кыз-келиндер бөлүгүндө алдыга чыгышты. Эртең эркин күрөш бөлүгү башталат жана кыз-келиндер күрөшүнөн акыркы финалдар болот. Мелдештин жүрүшү биздин сайтта.

 


Бүгүнкү жыйынтык:

 

62 кг 1/16
Танчолпон Кыбалбекова, Кыргызстан
🤙 10:0
❌ Бронвин Макгрегор, Канада

 

62 кг 1/8
Танчолпон Кыбалбекова, Кыргызстан
🤙 5:4 (туше)
✅ Фарах Хусейн, АКШ

 

72 кг 1/8
❌ Кайыргүл Шаршебаева, Кыргызстан
🤙 0:11
✅ Ноэми Наги, Мажарстан

 


Бүгүнкү финалдар:

 

50 кг финал
✅ Ю Жанг, Кытай
🤙 7:6
❌ Харуна Мориква, Жапон

 

55 кг финал
✅ Кристелл Родригез, АКШ
🤙 4:0
❌ Халиун Бямбасурен, Монголия

 

59 кг финал
✅ Саукра Ониши, Жапон
🤙 10:0
❌ Алексис Жаниак, АКШ

 

68 кг финал
✅ Алина Шевченко, Бейтарап Атлеттер
🤙 12:2
❌ Айсе Эркан, Түркия

 

76 кг финал
✅ Жйоти Бервал, Индия
🤙 5:0
❌ Мария Орлевич, Украина

 

 

✔Булак - uww.org