26 декабрь 2024 11:42
Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнүн алтын доорунун башатында турган. Ал бүткүл кыргыз элинин балбан кыздарга болгон мамилесин өзгөртүп, олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча алгачкы дүйнө чемпиону болуп, элибиздин сүймөнчүгүнө айланган. Килемдин үстүндө гана эмес, жашоодо да көп күрөшүн жеңген Айсулуунун карьерасын талдап көрөлү.
Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Майлуу-Суу шаарында туулган. Балалыгы Кочкор районундагы Тендик айылында өткөн. Дайым спортко жакын болуп, ар кайсы түрлөрү менен машыккан. 10-класста эркин күрөш менен алектене баштаган. Апасы ар дайым колдоп, адамдардын түрдүү сөздөрүнө, ушактарына көңүл бурбоого үйрөткөн.
Үйдөгүлөрдүн колдоосу менен 16 жашында кыялдарын орундатууга Бишкекке келген. Өжөрлүгү жана акылы менен Нурбек Изабековдун көңүлүн тартып, ошол агайдын колунда машыгып баштаган. 2012-жылы Лондон Олимпиадасына жолдомо алып, Кыргызстандын атынан кыз-келиндер күрөшүндө Олимпиадага барган алгачкы спортчу болгон.
Азыркы учурга чейин каарманыбыз Нурбек агайдын жетекчилигинде 3 жолу дүйнө чемпиону, 6 жолу Азия чемпиону, Азия Оюндарынын чемпиону, дүйнө кубогунун ээси жана Олимпиаданын бир күмүш, бир коло медалдарынын ээси болгон. 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча чоңдор арасы алгачкы чемпион болуп, тарых жараткан.
Балбан кызыбыздын айтымында карьерасынын башында көп кысым көргөн. Көпчүлүк: “Кыздар күрөшпөй эле койсо болмок, күрөш бул эркектердин спорту, ушул күрөшүңдү таштап эле салчы” - деп айткан. Айсулуу Тыныбековадан мурда өлкөбүздө чын эле кыз-келиндер күрөшүн дээрлик эч ким көрбөйт эле, кызыкпайт эле. Бирок андайларга маани бербей, агайы менен максаттарга көздөй аракет кылган.
Алгачкы жеңиштеринен кийин адамдар колдоп, кыз-келиндер күрөшүнө кызыгып баштаган. Дүйнө чемпиону болгондо баары сыймыктанган. Олимпиада болгон учурда элибиз биригип, баары күрөшүн күтүп калган. Көп ата-энелер кыздарын күрөшкө бере баштаган. Элибиз кыз-келиндер күрөшүн кабыл алып, килемдин үстүндө эркектерди гана эмес, кыздарды да көргөнгө көндү.
Азыркы учурда Айсулуу Тыныбекова Кыргызстан Күрөш Федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти. Карьерасын аяктай элек экенин билдирген. Биз кандай болгон чакта да тарых жараткан, жашоодо көп тараптан күрөшкөн, элибиздин сыймыгына айланган спортчу кызыбызды дайым колдойбуз.
✔Булак - wikipedia, youtube