12 сентябрь 2024 12:38
Казакстандын Астана шаарына V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн 2430 атлет күч сынашууда. Көк бөрүнү 6 өлкө, ал эми жер улакты (көкпар) 9 өлкө ойношууда. Торчолор, тайпалар жана оюдардын жыйынтыгы биздин сайтта көрсөтүлгөн.
Көк бөрү боюнча Кыргызстан курама командасы чемпион аталды. Ал эми, буга чейин өткөн өтө талаш оюнда жер улак (көкпар) боюнча Казакстан курама командасы чемпион аталган.
Көк бөрү финал
Кыргызстан 10:4 Казакстан
Салымдардын ээлери:
Кыргызстан: Нурдин Болотбеков х3, Дастан Русланов х2, Эржан Тургунбаев х2, Бексултан Абдыкалил уулу х2, Нуржан Мелисбек уулу
Казакстан: Нурлыбек Аскаров, Темирлан Айтбаев, Айнабек Бердикул, Майрамбек Абду
Жер улак (көкпар) финал
Кыргызстан 4:5 Казакстан
Салымдардын ээлери:
Кыргызстан: Кубаныч Султан уулу х2, Манас Ниязов, Өмүрбек Эсен уулу
Казакстан: Ернат Малимбай, Абылайхан Нышанбеков х2, Курманбек Турганбек х2
✔Булак - IG: @kokboru_federation, IG: @worldnomadgames2024