10 июль 2024 17:45
Бүгүн 10-июль Ысык-Көл облусунда Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиев Россия Федерациясынын көкбөрү ассоциациясынын жетекчиси Сергей Савин менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки тарап өлкөлөрдүн ортосунда көкбөрүнү өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.
Жунусалиев Орусия курама командасына биздин "Ийгилик" , "Талас" командалары аттар менен күчтөшүүгө даяр экендигин айтып өттү. Эми август айында Орусиянын эки курама командасы окуу машыгууга Ысык-Көлгө келерин, андан соң Кыргызстандан Астана шаарына жөнөп кетерин Сергей Савин айтып өттү.
✔Булак - IG: @kokboru_federation