30 сентябрь 2024 11:16
12-октябрда Сауд Арабиясынын борбор калаасында дүйнөнүн бокс коомчулугу күтүп аткан беттеш өтөт. Кыргызстанда туулган Дмитрий Бивол (23-0, 12 КО) менен бардык атаандаштарын нокаут менен жеңген Артур Бетербиев (20-0, 20 КО) кесипкөй бокстогу 4 негизги уюмдун абсолюттук чемпиону деген наамды талашат. Ошол мелдештин алкагында кыргыз кесипкөй боксунун азыркы абалын талдап көрөлү.
Boxrec.com сайтындагы маалыматка ылайык, азыркы учурда кыргызстандык 13 гана активдүү кесипкөй боксчу бар. Салыштырсак, азыр активдүү казакстандык кесипкөй боксчулардын саны - 86, өзбекстандыктар - 297, тажикстандыктар - 29, грузиялыктар - 167. Андан сырткары эки таанымал кыргыз боксчулары орусиялык катары катталган - Самат Абдырахманов, Тимурлан Пирматов.
Кесипкөй бокс дүйнөсүндө негизги катары көбүнчө 4 уюм эсептелинет - WBA, WBC, WBO, IBF. Аталган уюмдарда ар бир салмакта чемпионун жана топ 15 боксчусун көрсөткөн рейтингдер бар. Ошол рейтингдерде азыркы учурда кыргызстандык боксчулар жок. Салыштырсак, биздин кошуна өлкөлөрдүн экиден кем эмес боксчулары негизги 4 уюмдун рейтингдерине кирген.
Кыргызстандын тарыхындагы эң алдынкы кесипкөй боксчулары (boxrex.com сайты боюнча): 1) Орзубек Назаров - WBA дүйнө чемпиону болгон; 2) Алмазбек Раимкулов - WBC дүйнө чемпиондугуна беттешкен; 3) Дилмурод Сатыбалдиев - негизги 4 уюмдун рейтингдерине кирген; 4) Тимур Шайлезов; 5) Акжол Сулайманбек уулу - WBA, WBC континенттик курларынын ээси болгон. Кошуп кетчү нерсе, Дмитрий Бивол азыркы учурда WBA дүйнө чемпиону.
Yardbarker.com сайтынын маалыматы боюнча, 2016-жылга чейин кесипкөй боксчуларга Олимпиадага катышууга тыюу бар болчу. Бирок 2016-жылдан тарта ал тыюу алынган. Ага карабастан, азыр дале кесипкөй бокстун жылдыздары ышкыбоздор боксунун мелдештерине анын ичинде Олимп Оюндарына көп катышпайт. Yardbarker.com сайты ага эки себеп келтирет: 1) эрежелердеги айырмачылыктар (мис. раунддардын саны) эки түргө тең жакшы көңүл бурууну оорлоштурат; 2) көпчүлүк топ боксчулар кесипкөй беттештерден кыйла көбүрөөк акча табат.
Бирок, Парижде Олимп Оюндарынын 2-жолку чемпиону аталган өзбекстандык боксчулар Баходир Жалолов (14-0, 14 КО) менен Хасанбой Досматов (6-0, 5 КО) кесипкөй боксто да карьерасын алдыга жылдырганы жетишкен. Apnews.com сайтынын маалыматы боюнча, Баходир Парижге даярдануу үчүн быйыл кесипкөй карьерасын паузага койгон.
Биздин боксубуз өнүгүп келе жатканы менен кесипкөй түрү да жандананат деп ишенебиз.
✔Булак - https://boxrec.com/en, https://www.wikipedia.org/ , https://apnews.com/article/olympics-2024-boxing-0ebe0c03b32a795d4e2b42032a7b3304 , https://www.yardbarker.com/boxing/articles/why_top_boxers_dont_compete_at_the_olympics/s1_17396_40685661#:~:text=Until%20a%20rule%20change%20in,are%20now%20allowed%20to%20compete.