Алмазбек Раимкулов

Кыргыз боксунун легендасы - Алмазбек Раимкулов

Author
Кыраан командасы

19 декабрь 2024 16:01

Алмазбек Раимкулов 2000-жылкы Олимпиадада медалга бир кадам жетпей калган, 2005-жылы WBC чемпиондугунун босогосунда туруп калган. Спаррингде Флойд Мейвезердин мурдун жарып, кабыргасын сындырып алган. Голливуд жылдыздарына жана ошол убакыттагы ММА жылдыздарына боксту үйрөтүп жүргөн. Дал ушул легендабыздын карьерасын талдап көрөлү.
 

 

Алмазбек Раимкулов 1977-жылы 18-февралда туулган. Алгач баскетбол менен машыгып, ошол спортто чоң кыялдарды койгон. Бирок 14 жашында бутунан жаракат алып, баскетболду таштаганы аргасыз болгон. Ошондо Алмазбек бокско өтүп кеткен. Кален Асановдун колунда ал бат эле боксту өздөштүрүп, өсүп кеткен. 19 жашында бокс боюнча спорт чебери болгон.
 

Каарманыбыз улуттук курама командабыздын мүчөсү болуп, көптөгөн эл аралык мелдештерге катышкан. 2000-жылы Тайланддагы мелдешти жеңип, Олимпиадага жолдомо алган. Сиднейде 1-айлампада монголиялык боксчуну, 2-айлампада колумбиялык боксчуну жеңип, чейрек финалга чыккан. Анда мексикалык боксчуга 12:14 эсеби менен жеңилип, 5-орунду алып калган. Андан кийин Мунарбек Сейитбек уулуна чейин эч ким чейрек финалга чыга алган эмес.  

 

Олимпиададан кийин Алмазбек Раимкуловго кесипкөй бокс промошендерден бир нече чакыруулар келген. Ал Top Rank промошени менен келишим түзүп АКШга көчүп кеткен. Ал жакта Лас-Вегаска жайгашкан. 2001-жылы кесипкөй боксто дебют кылып, 4 жылдын ичинде 20-0, 12 КО рекорду менен WBC 61 кг чемпиондук куруна беттешкен. Жыйынтыгында тартыш чечим менен тең чыгуу жарыяланган.

 

post-7-1121422682 - Copy.jpg

 

Андан кийин каарманыбыз 9 беттеш өткөрүп, 7 жолу жеңип, 2 жолу жеңилген. Анын ичинде төрт негизги уюмга кирбеген NABF чемпиондук курун алган. 2006-жылы бокс айдыңында эң абройлуу болгон The Ring журналынын 61 кг салмактагы рейтингинде дүйнөдө 7-орунду ээлеген. 2009-жылы 27-2-1, 15 КО рекорду менен кесипкөй карьерасын аяктаган.

 

Алмазбек Раимкулов көп жыл АКШда жашап, бир канча тилде сүйлөп калган. Ал башка бокс жылдыздары менен спаррингдерди өткөрүп жүргөн. Алмазбек Флойд Мейвезер менен болгон спаррингде анын мурдун жарып, корпусуна оор сокку жеткиргенден кийин Флойд рингден чыгып кеткен деп айткан. Кийинчирээк кабыргасы жабыркаганы белгилүү болгон. Андан сырткары Мэнни Пакьяо, Мигель Котто, Рикки Хаттон ж.б. менен машыгып, спаррингдерди өткөргөн.

 

Алмазбек Раимкулов

 

Андан сырткары каарманыбыз АКШда көптөгөн актёрлорго жана ММА мушкерлерине бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеген. Алардын арасында Халли Берри, Хью Жекман, Дэнни Трехо жана башка актёрлор. Ошондой эле ошол маалда UFC жылдыздары болгон Чак Лидделл, Рэнди Кутюр, Тито Ортис ж.б. мушкерлерди кол соккулары боюнча машыктырган.

 

Каарманыбыздын айтымында, промошен, менежерлердин көптөгөн кысымдарына карабай, дайым Кыргызстандын гана атынан чыгып, байрагыбызды чоң ареналарда желбиретип жүргөн. 
Чындыгында Алмазбек Раимкулов кыргыз боксунун эң атактуу өкүлдөрүнө кирет. Убагында элибиздин намысын мекенибизден алыс жерлерде ийгиликтүү коргоп, Кыргызстанды таанытып келген.

 

✔Булак - boxrec.com, youtube, ктрк спорт
 

Тектеш темалар