Курстанбек менен Рустамжан

Курстанбек Исаков менен Рустамжан Кахаров эркин күрөш боюнча U17 Дүйнө Чемпиону болушту!

Author
Кыраан командасы

24 август 2024 16:43

19.08.2024 Иорданиянын Амман шаарында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча U17 Дүйнө Чемпионаты башталган. Эртең эркин күрөш бөлүмү жыйынтыкталат. Бүгүнкү бөлүктө курама командабыз 2 алтын медалын алышты.

 

Эркин күрөш, жеңүүчүлөрүбүз:
🥇 Курстанбек Исаков, 55 кг
🥇 Рустамжан Кахаров, 65 кг

 

Жана ошондой эле бүгүн 1 жаш балбаныбыз финалга чыкты, 1 жаш балбаныбыз жарым финалдан жеңилип коло үчүн күрөшөт, дагы экөө жубатуучу беттештерди өткөрөт.

 

Эртеңки күрөш:

 

60 кг финал
Өмүрбек Асан уулу, Кыргызстан
vs
Хусейн Исмаилов, Азербайжан

 

51 кг коло үчүн
Марлен Абдраимов, Кыргызстан
vs
Атаандашы белгилүү боло элек

 

71 кг жубатуучу беттеш
Нурсадык Нурдинов, Кыргызстан
vs
Мелвин Миллер, АКШ

 

92 кг жубатуучу беттеш
Фарух Момунжанов, Кыргызстан
vs
Элижа Диакомихалис, АКШ


✔Булак - uww.org 
 

Тектеш темалар