ошаки

Кесипкөй боксунун өткөн аптадагы урунтуу учурлары. 59 кг WBC куру, Бектемир Меликузиев

Author
Кыраан командасы

4 ноябрь 2024 16:20

Ар дүйшөмбү биз сиздерге өткөн аптадагы кесипкөй боксунун урунтуу учурларын чагылдырып турабыз. Өткөн аптада кесипкөй бокс дүйнөсүндө биздин көңүлүбүздү тарткан эки беттеш өттү.

 

Негизги 4 уюмдун бири болгон WBCнин 59 кг чемпиондук куру үчүн О'Шаки Доминик Фостер менен Робсон Консейсан рингге чыгышты. Бул алардын экинчи беттеши болду. 4 ай мурун Фостер курдун төртүнчү коргоосунда Консейсанга калыстардын тартыш чечими менен жеңилип, аталган курду алдырган. Кечээги реваншта Фостер калыстардын тартыш чечими менен жеңип курду кайра тартып алды. Айта кетчү нерсе, Робсон Консейсан 2016-жылы Олимп Оюндарынын чемпиону болгон.

 

59 кг WBC куруна
✅ О'Шаки Доминик Фостер (23-3, 12 КО), АКШ
🤙 тартыш чечим
❌ Робсон Консейсан (19-3, 9 КО), Бразилия

 

Дагы бир кызыктуу беттеш - өзбекстандык Бектемир Меликузиевдин беттеши. Бектемир 76 кг салмакта негизги рейтингдерде топ 15ке кирип калган. Атаандашы АКШлык Давид Стивенс болчу. Бектемир беттешти жеңип, жеңиш сериясын улантып, рейтингдерде дагы бираз көтөрүлдү.

 

76 кг
✅ Бектемир Меликузиев (15-1, 10 КО), Өзбекстан
🤙 тартыш чечим
❌ Давид Стивенс (14-2, 10 КО), АКШ

 


✔Булак - boxingscene.com, boxrec.com
 

Тектеш темалар