Муроджон Ахмадалиев

Кесипкөй боксунун өткөн аптадагы урунтуу учурлары. Мурад, Садриддин, Муроджон

Author
Кыраан командасы

16 декабрь 2024 12:29

Ар дүйшөмбү биз сиздерге өткөн аптадагы кесипкөй боксунун урунтуу учурларын чагылдырууну улантуудабыз. Мунусунда биздин көңүлүбүздү тарткан үч беттеш болду.
 

Теги азербайжандык, бирок Францияда жашаган 29 жаштагы оор салмак боксчусу Мурад Алиев 13-беттешин жеңди. Мурад Токио олимпиадасына катышып, чырдуу чейрек финалда дисквалификация менен жеңилип калган. Андан кийин кесипкөй бокско өткөн. Азыр рекорду 13-0, 10 КО болду. Бул беттеште атаанадашынын рекордуна биринчи жеңилүүсүн кошуп койду. Азыр Мурад WBC рейтингинде 15-орунда, boxrec рейтингинде 28-орунда турат.
 

оор салмак
✅ Мурад Алиев (13-0, 10 КО), Франция
🤙 6-раунд, ТКО
❌ Давид Брито (6-1, 3 КО), Италия
 

26 жаштагы казак боксчусу Садриддин Ахмедов 15-беттешин жеңди. Ал 70 кг салмакта бокстошот. Садриддин ышкыбоздор боксунда жаштар арасы дүйнө чемпиону болгон, бирок 2017-жылы кесипкөй бокско өтүп кеткен, Казакстанда бул салмакта атаандаштык да жогору эле. Бул беттеште АКШлык атаандашын 7-раундда техникалык нокаут менен жеңди. Садриддиндин 2 эле беттеши калыстардын чечимине жеткен, калгандарын мөөнөтүнөн эрте жеңген. Ал азыр 4 уюмдун рейтингдерине кире элек, бирок boxrec рейтингинде 34-орунда турат.

 

70 кг
✅ Садриддин Ахмедов (15-0, 13 КО), Казакстан
🤙 7-раунд, ТКО
❌ Рафаэль Игбокве (17-6, 7 КО), АКШ
 

Өзбек боксунун жылдызы, алгачкы жолу бир нече курдун ээси болгон 30 жаштагы өзбек боксчусу Муроджон Ахмадалиев мексикалык Рикардо Эспионозаны 3-раундда ТКО менен жеңип алды. Муроджон мурда IBF жана WBA чемпиону болчу, бирок бул курларды жалгыз жеңилүүсүндө филиппиндик боксчуга алдырган. Андан кийин бүгүнкү менен кошо эки жолу ТКО менен жеңишке жетип, WBA уюмунун 55 кг убактылуу чемпиону аталды. Азыркы учурда бул салмактын абсолют чемпиону болгон жапониялык Наоя Иноуэ (28-0, 25 КО) менен беттешүүгө даяр экенин билдирди. Муроджон азыр WBA убактылуу чемпиону, WBC уюмунда 4-орунда жана boxrec рейтингинде 6-орунда турат.

 

WBA 55 кг убактылуу куруна
✅ Муроджон Ахмадалиев (13-1, 10 КО), Өзбекстан
🤙 3-раунд, ТКО
❌ Рикардо Эспионоза (30-5, 25 КО), Мексика

 


✔Булак - boxingscene.com, boxrec.com
 

Тектеш темалар